Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен “Өлбөс полктун” жүрүшүнө чыкты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен “Өлбөс полктун” жүрүшүнө чыкты.

Белгилей кетсек, “Өлбөс полктун” катышуучулары 10:00дө Абдрахманов көчөсү, андан ары Фрунзе менен басып, “Жеңиш” аянтына барышат.

Экс-президент колуна атасы Шаршен Атамбаевдин портретин көтөрүп алган.
Маалыматта экс-президенттин атасы Шаршен Атамбаев Улуу Ата мекендик согушка катышканы айтылат. Ал 1943-жылы июнь айында фронтко чакырылып, 1945-жылдын 9-майына чейин 1237-полкунун 373-дивизиясында согушкан. 1945-жылы дивизия Гёрлиц аймагындагы биринчи Украин фронту менен Берлин операциясына катышкан.

БУЛАК: chyndyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу