Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмыш ишке айыпталып жаткандарды колдоо максатында өтчү митингге катышат. Бул тууралуу КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.
Митинги 8-июнда «Медиа-форум» имаратынын алдында болот. КСДПнын талабы- Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковду, УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Дамир Мусакеевди бошотуу, ошондой эле, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш ишин токтотуу.
fakt.kg