Алмазбек Атамбаев журналисттерден өндүрүлгөн айып пулду кайрымдуулукка жумшайт.

Алмазбек Атамбаев президент кезинде аны атайылап каралаган “Zanoza.kg” сайты, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслова, экс-депутат, “Адилет” укуктук клиникасынын төрайымы ЧОлпон Жакуповага карата чара көрүү тууралуу Башкы прокуратура сотко кайрылган.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын мамлекет башчысынын абийирин, ар-намысын коргоо үчүн мындан бөлөк мыйзамдуу жолу болгон эмес. Натыйжада ысымы аталгандар сот алдында тийиштүү далилдерди келтире албагандыктан ири өлчөмдө айып пулга жыгылышты.

Эми алар “колу менен кылганын мойну менен тартышы” керек. А. Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, чылгый ушак тараткан айрым журналисттерге карата кечирим болбой турганын, керек болсо эл аралык сотко чейин барарын ачык айткан.

Ошондой эле соттун чечиминин негизинде өндүрүлчү айып пулдарды кайрымдуулук иштерине – балдар онкологиясына жумшаарын баса белгилеген. Андыктан, калпты ченебей ышкыртып, журналистиканын стандартын сактабаган,атайылап каралоо акциясын уюштурган “ээн ооздор” айып пулду эч ойлонбостон төлөй бериши керек.

Себеби, ал каражаттар Атамбаевдин чөндөгүнө эмес, оор илдетке чалдыкккан балдарга бөлүнөт. Экс-президенттин абийирине доо кетиргендер жок дегенде ушинтип күнөөлөрүн жуушсун…

Булак: «Де-Факто»

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу