Алмазбек Атамбаев жаңы жүрүш жасоодобу?

28-январда таң эртең менен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн Бириккен Араб Эмирлигине  учуп кетти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да атайын билдирүү жасады.

Мындан мурда А. Атамбаев Индияга барып, он күн эс алып келери жарыяланып, бирок белгиленген күнү белгисиз себептерден улам учпай калган болчу. Ошол учурда айрым маалымат каражаттары экс-президент эбегейсиз көп акчасын накталай түрдө чет жакка ташуу аракетин көрүп жаткандыгын жазып жиберишкен. Бирок бул тема убакыт өткөн соң козголбой калды.

Бирок  эмне себептен А. Атамбаев Индияга эмес, Бириккен Араб Эмиратына учуп кеткендиги тууралуу да эч кандай маалымат жок. Ал эми бизге жеткен маалыматтарга ылайык, А. Атамбаев БАЭде Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов менен жолугат экен.

Белгилүү болгондой, 2010-жылдагы Июнь коогалаңынан кийин эл арасында кадыры өсүп кеткен ал кездеги Оштун мэри бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алган А. Атамбаев жана анын кланы тарабынан саясаттан четке сүрүлүп, ал тургай кылмыш иши козголуп, чет мамлекетке качып кетүүгө аргасыз болгон.

Эми бул эки экс саясаттагы жеке кызыкчылыктары үчүн биригип, жаз алды менен чоң күчкө айланууну көздөп жатышкан жокпу?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу