Алина: «Тамеки тартсам эле бузулган кыздын катарына киремби?»

Менин атым Алина (аты өзгөртүлдү). 19 жаштамын. Борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде 2-курста окуйм.  Бир жылдан бери чылым тартам. Мага бул нерсе адаттагы көрүнүш болуп калды. Ишенсеңер бир тартканда үчтөн өйдө тартып жиберем. Бул күнүмдүк адатыма айланды. Көчөдө тамеки кармап туруп калсам да, мени башкача карашып, бузулган кыздай  жек көрүшөт. Бирок мен жакшы эле жолдо жүргөн кызмын.  Туура биздин коомго кыздардын тамеки тартканы жат көрүнүш. Бирок кантип тамекиден арыларымды билбей жатам. Күндө эле адатымча дүкөнгө кирип эле тамеки алам.   Чылымды тартпай коюууга болобу? Болсо кантип?  Бул адатымдан кантип арылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи…

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу