Алгачкы спорттук хиджаб сатыкка чыкты

Дүйнөдө алгачкы жолу спорттук хиджаб формасын Nike компаниясы сатууга чыгарды. Спорттук хиджаб үч түстө чыгырылды: кара, боз жана кара-бозомтук. Бул спортук кийимдер аба өткөрүүчү, ийкемдүү материалдардан жасалган. Кийимдердин жарнама компаниясына мушкер Зеина Нассар, көркөм муз тебүүчү Эграти Захра Лари жана оор атлетика спортчусу Амна аль-Хаддад катышкан. Орусияда спорттук хиджаб формасын Nike сайтынан 2 миң 590 рублга сатып алууга болот.

Ноябрь айында «Time» журналы Nike компаниясы чыгарган спорттук хиджабды 2017-жылдын мыкты табылгаларынын тизмесине кошкон. Спорттук хиджаб формасынын биринчи модели үстүбүздөгү жылы март айында сунушталган.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу