Албек Ибраимов камалды

Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу