Албек Ибраимовду камакка алып эле тим болбой, “кустуруп”, 200 объектисин кошуп улутташтыруу керек

Бишкек шаарынын кызматтан куулган мэри Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон. Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган. А. Ибраимов буга чейин эки жолу УКМКны теңине албай, суракка чакырса да барбай жүргөн. Эми анын камакка алынышы коомчулук тарабынан чоң колдоого алынууда. АШАнын кампачысы болуп жүрүп эбегейсиз байлык топтогон Албектин бери дегенде 200дөн ашуун кыймылсыз мүлкү бар. Булардын көпчүлүгүнө 2010-жылдан кийин ээ болгон. Андыктан мындай чыныгы ууруларды камап эле тим болбой, жегендерин кустуруп, кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруу керек. Кытайдан алынган карыздарды ушундай чоң коррупционерлерди кустуруу менен кутулса болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу