Акыйкатчылыкка фракциялар беш талапкерди сунуштады

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна парламенттик фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Акыйкатчылык кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитет алардын талапкерлигин Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу