Актилек Гүлжигит кызы: «Жолдошум менен сегиз жыл жашасам, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм…»

Фейсбуктагы интернет баракчасына КТРКнын диктору, журналист Актилек Гүлжигит мын булуарды жазып калтырды.

Актилек Гүлжигит кызы: Раматылык жолдошум (жер кабар айтпасын) менен кыйсыпыр урушуп жашап жүргөндө, балдарым эс тартып калган экен. Арактын кесепетинен турмушта көп кыйынчылыктар болду. Сегиз жыл жашаган болсом, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм. Үйдө баары талкаланган. Менин көйгөйүм идиш-аяк, буюм-тайым эмес эле, мен балдарыма эмне тамак берем деп тыбырчылачумун. Мунун баарын балдарым көрүп эле чоңоюшту.

Мындай күндөрдүн биринде балдарымдын атасы келип, колумдагы күмүш шакекти сурады. «Сен аракка алмаштырып ичип коесуң!», — деп бербей койдум. Ал кезде күмүштүн баасы азыркыдан кымбатыраак болчу. Каршылык көрсөткөнүмө карабай колумдан жулуп кетип, ичип салган эле. Ошондо балдарымды кучактап алып, аябай ыйлаган элем.

Ушул окуя балдарымдын эсинде калган сыягы. Азыр акча үнөмдөп, көпкө топтоп жүрүп ар 2-3 айда шакек, сөйкө, мончок, шуру белек кыла турган болушту. Сүрөттөгү шакекти жаз майрамына карата беришкен. Колума тагып жатып, балам минтип айтты: «Апа, биз чоңойгондо чыныгы алтын, алмаздарды тагынасыз. Азырынча ушуну тагып туруңуз. Эч качан күмүш такпайсыз», — деди. Баламдын бул сөзү жүрөгүмдү тилип кетти да, келечекке болгон үмүтүмдү жандырды.

Балдарымдын азыртан мага жардамчы болуп жатканы бир чети кубандырат. Экинчи уулум кошуна-колоң, классташтарына майда-чүйдө сатып жүрүп 100 сомду 700 сом кылып көбөйтүптүр. Анын 470 сомуна жазга бут кийим алып, 30 сомун жолго иштетиптир. Эрте менен ишке жөнөп жатсам, жолго деп мага 200 сом берди. Элжиреп кеттим… Карааныңардан кагылайындарым…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу