Ал түкүргөндөн кийин 5500 сомун санап, «айып пулуңарды келип алып кеткиле» деп кайрылган.
Социалдык тармактарда Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, бийликке нааразычылыгын билдирген кишинин видеосу тарады.
Анда ал: «Мамлекет башчылары чыгарган мыйзамдар кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат»,- деп кайрылган.
Ошондой эле мамлекетти уурдап жегендерге жана карызга батыргандарга нааразычылыгын билдирип, Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүргөн.Андан кийин 5500 сомун санап, «Айып пулуңарды келип алып кеткиле»,- деген.
Шаардык милициянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргени боюнча, учурда Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери эреже бузган кишини жазага тартуу үчүн издеп жатат.
Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө карата 5500 сом айып салынат.
Булак: Спутник