Айпери Кубик кызы: «Хосе экөөбүздү үйлөнтүп жиберишиптир…Мыйзам бузганым үчүн салык төлөдүм»

Аз убакыт мурун экинчи наристесин жарыкка алып келген ырчы Айпери Кубик кызы тыныгууну каалабаган эмгекчил жан экени элге маалым. Ал учурда кийим-кече саткан дүкөн ачып, соода тармагынын тузун тата баштаптыр. Ырчы менен акыркы жаңылыктары, жеке жашоосу тууралуу кеп курдук.

-Айпери, бизнес тармагына кандайча кызыгып калдыңыз? 
-Бизнес боюнча түшүнүгүм болбогондуктан мурда бул жаатка кызыкчу эмесмин. Жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет да, ал аркылуу бул тармакка кызып калдым. Ал мага бизнестин сырларын үйрөтүп, башкарууга жардам берип жатат. Буга чейин гүл жеткирип берүү кызматы менен гүл сатып иштедик. Эми оңдоп-түзөө иштерин жасатып гүл саткан дүкөн ачып жатабыз. Ал эми кийим саткан дүкөн ачууну жолдошум сунуштады. Түрктөр менен келишим түзгѳнбүз. Биздин дүкѳндѳ Түркиядан келген сапаттуу кийимдер сатылат. Чоңдор үчүн да, балдар үчүн да бар. Дүкөндү инстаграм баракчамда гана жарнамалап, башка жакка жарнама берген жокмун. Буюрса, акырындык менен кардарларыбызды таап жатабыз. Азырынча эки филиалыбыз бар. Эми Ош шаарынан, Орусиянын Сургут шаарынан да иштешүү сунушу түшүп жатат. Негизгиси, бизнести бутуна тургузуу үчүн убакыт жана сабырдуулук керек экендигин жакшы түшүнүп турам.

-Сиз бизнес менен алпурушуп жүрсөңүз, балаңызды ким карап жатат?
-Райан 13-майда эки айга толот. Күлүп, кылыктары чыга баштады. Ата-энем, сиңдим, келиним баламды карашып жардам берип жатышат. Ошондуктан бизнеске эле эмес, кечинде тойлордо ырдоого да жетишип жатам.

-Жаны тынбаган келинин кайын журту кандай кабыл алууда?
-Мен келиндик доорду деле сезген жокмун. Кайната, кайненем Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жашашат, биз шаардабыз. Мен турмушка чыгарымды билбей гастролдорду бир жыл мурун эле пландап алгам да, турмушка чыккандан 2-3 күн өтпөй эле гастролго чыгып кеттим. Ата-энебиз да айылга кетишти. Андан бери убак-убагында эле барышып-келишип турабыз. Кудайга шүгүр, кайын журтум абдан сабырдуу, мээримдүү жакшы адамдар. Алардын жанында өзүмдү келин катары сезбейм. Эркелеп эле кызындай болуп калдым.

-Кайнененин камырынан дегендей андан эмнени үйрѳнѳ алдыңыз?

-Көз тийбесин, кайненем келинге жумшак, экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Апам менин кылган жумуштарымды көрүп “мен да жаш кезимде ушундай болчумун, мага окшош экенсиң” деп калат. Бир тема талкууласак да ой-пикирибиз окшош чыгат. Апам менен чогуу жашасам дагы көп нерселерди үйрөнмөкмүн. Азырынча сабырдуулук деген алтын сапатты үйрөнө алдым.

-Элдин талкуусуна кѳп кабыласыз, деги эле сынды кандай кабыл аласыз?
-Жакшы айтылса сынды туура кабыл алам, болбосо, ушак сөздөргө көңүл бурбайм, ойлонбойм деле. Хосе экөөбүздүн “Дани” деген ырыбыз чыкканда экөөбүздү үйлөнтүп жиберишкен. Жолдошумду көрсөтпөгөнүм үчүн күйөөсү ошол же андан төрөдү деп азыркыга чейин айткандар бар. Ушак болуп келген нерсе, боло да берет. Ал эми чындык бир гана жакта, ошол себептен ушакчылар менен күрөшпөйм.

-Мындай сөздөр жолдошуңузга оор тийбеби?
-Артымдан ээрчиген жалган сөздөргѳ жолдошум күлүп тим болот. Башында кимге үйлөнүп жатканын жакшы билген да, баарына даяр болчу. Башынан чыгармачылыгымды колдойт. Болгону эмне кылып жатканымды, кандай кийим кийгенимди карап, текшерип турат.

-Жолдошуңузду элден катууңуздун себеби эмнеде?
-Жолдошумду элге көрсөтпөө анын каалоосу болду. Ѳзү сүрөткө түшкөндү жаман көрөт, “элге таанылгым келбейт” дейт. Экөөбүз ойлонуп, такыр эле чыгарбай коюуну чечкенбиз.

-Улуу балаңыз жаңы бүлөгө көнүп кетүү үчүн кандай аракеттерди көрдүңүз?
-Даян таятасы менен таенесине абдан жакын. Балама жолдошумду “ата” деп айттырып же жолдошума “балам” деп айт деп эч кимди кыйнаган жокмун. Экөөнүн көңүлүнө койдум. Ортолорунда достук мамиле болсо дечүмүн, азыр экөө достордой ойноп, чогуу жүрүшѳт. Дани иниси төрөлгөндө бизди андан кызганып, сүйлөбөй өзүнчө капа болуп жүрдү. Азыр болсо инисине көнүп калды.

-Чыгармачылыкка толук качан киришесиз?
-Азыр иштей турган убагым. Канча бизнесим болсо да чыгармачылыгымды таштабайм. Кичүү балам торолуп калганда жаңы ыр, клиптерди чыгарып баштайм. Албетте, менден жаңылык болот. Дагы эл оозуна алынып, сөз боло турган клиптерди тартам.

-Талкуу жарата турган, сөз боло турган видеолорду да маал-маалы менен социалдык баракчаларыңызга киргизип турасыз. Алардын акыркысы рулду кармабай руль башкарган видеоңуз болду окшойт…

-Рулду кармабай бут менен башкарганды унааны мыкты айдаган бир адам үйрөткөн. Алыс жолдо баратканда ушинтип айдоодон ырахат алам. Ал эми видеону сиңдим менен тойго бара жатканда тартканбыз. Видеону тартып бүтөрүбүз менен МАИ кызматкерлери кармап, катуу ылдамдыкта кур тагынбай айдаганым үчүн мыйзамдуу түрдө карточка менен салык төлөгѳм.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу