Айпери Кубик кызы сүйгөнүн ачыкка чыгарып катуу сынга алынды…

Snapchat жаңы функциясынын пайда болушу менен сиз өзүңүздү аялдын же болбосо эркек адамдын образында жеңил гана көрүү мүмкүндүгү түзүлдү. Бул функцияны учурда ата мекендик шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы кызуу колдонуп жатышат. Бир тобу кыздын же мырзанын образындагы сүрөттөрүн жүктөп күйөрмандарынын мактоосуна, же болбосо тескерисинче сын-пикирлерине кабылышууда. Бул ирет белгилүү ырчы Айпери Кубик кызы өзүнүн эркектин образында кандай көрүнөрү тууралуу сүрөтүн баракчасына бөлүштү.

“Менин сүйгөнүм, таанышып алгыла! Атамдан сурадым кимге окшош экен десем,күйөө балама деди.Демек эркек болсом жолдошума окшош болмок экем”,-деп жазды тамашалап Айпери Кубик кызы.

Сүрөткө күйөрмандары “эркек болсоң сулуу жигит болмок экенсиң” деген сыяктуу пикирлерин жазып талкууга алышты.

Эскерте кетсе, ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен баш кошкондон тарта аны элге көрсөтпөй келет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу