АЙБЕК МЫРЗА, АКТИВИСТ: «Президент кандай тапшырма берсе ошону аткарышат».

Парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

«Кул мүнөз парламент» боюнча айла жок айтып, кыйкыргың келет экен. Азыркы парламентке «кул мүнөз» деп мүнөздөмө берсек туура болчудай. Кулдун биринчиден өз кожоюну болот. Экинчиден, өзүнчө чечим чыгара албайт. Өз алдынча ой жүгүртө албайт. Өзүнүн керт башы, курсагы үчүн эле жашайт. Ушул айтылган мүнөздөмөлөр биздин парламентке да тийешелүү. Анткени, азыркы парламенттин кожоюну азыркы президент. Президент кандай тапшырма берсе ошону аткарышат. «Бийлик бутагына кайсы адамды шайла» десе шайлашат. Кандай келишим, чечимди кабыл алууда алар баарына макул.

Булак:Факты кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу