Аида Салянова камакка алынды

Салянова 4-июнда убактылуу кармоо жайына киргизилген болчу.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-июнга чейин №1 СИЗОго камакка алды. Бул тууралуу жактоочусу Рабига Сыдыкова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кечээ, 4-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы каралары айтылып, бирок сот болбой калган.

Батукаевдин иши

2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек качкыналиев ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган Кийин Сагинбаева үй камагына алынган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгон.

Булак:Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу