Салайдин Айдаров: — Контракт боюнча 60 млн. доллар экен, туурабы? Эми 60 млн. доллар мамлекет үчүн акча деле эмес да.
“Азия Ньюс”: — Бажычы үчүн 60 млн. акча деле эмес болушу мүмкүн. Подумаешь, 60 миллион какой-то…
Канат Жумагазиев: — Жол кырсыктарынын 43 пайызы – бул жөө жүргүнчүлөрдүн сүзгөндүгүнөн.
“Азия Ньюс”: — Ошондо жөө жүргүнчүлөр машинаны сүзгөн болобу?
Алмазбек Токторов: — Мени ГРСтин өкүлүнүн жообу канаттырган жок.
“Азия Ньюс”: — Сөзсүз эле канатыш керекпи?
Алмаз Эргешов: — Бир жигиттер айтат “ушулардын башы деле иштебейт“ дейт. Бизди айтып жатат сиз менен.
“Азия Ньюс”: — Алардын бир билгени бар го, кандай дейсиз?
Алмаз Орозалиев: — Мындай айтсак, биздин кызматкерлерибиз… мындай… эми алардын арасында дагы негодяйлар бар да.
“Азия Ньюс”: — Ах ты негодяй!..
Cайдулла Нышанов: — А бизде ичине кирип кетет, ичинде курттан баштап, баардык нерсе болуп атат, сыртка чыкканда баасы тазаныкынан да кымбат да.
“Азия Ньюс”: — Сиз адашып кытай, же корей ресторанына кирип алган жоксузбу?
Талантбек Батыралиев: — Анти… ма… ма… Антима… ма… манополдук агентство.
“Азия Ньюс”: — Сизге су… су… суу керек эмеспи?
Талантбек Батыралиев: — Карама-каршылыктар күчөп атканын өзүңүздөр көрүп атасыздар. Анткени, мунун алдына бул жатат.
“Азия Ньюс”: — Да-а… Карама-каршылыкка чындап эле олуттуу негиз бар экен.
Кубанычбек Нурматов: — Статистиканы көрүп атасыңар да, 11 айдын ичинде 820 адам каза тартылды.
“Азия Ньюс”: — Бул өлүм жөнүндөгү табулардын жаңы түрү го, ээ?
Мурадыл Мадеминов: — Азыр министр бул жерде отуруп алып, отравление болуп атат.
“Азия Ньюс”: — Эмнеден ууланды экен, байкуш? Газданбы, же сөздөнбү?
Руслан Казакбаев: — Сиз эми… баягы… жакшы кесипкөйсүз да каржыданчы. Айландырып алып кетип атасыз да меничи.
“Азия Ньюс”: — Акчанын бир аз бөлүгүн… чет-четин көрсөтүп койсо эле артынан ээрчип жөнөгөнсүз го, сыягы…
Алтынбек Сулайманов: — Комитет даяр болсо, 6-статья каякка жоголуп кетти?
“Азия Ньюс”: — 6-палатада болуп жүрбөсүн?..
Асылбек уулу Дамирбек: — Мына, коомсуздук шаар боюнча өкмөт айтып атат.
“Азия Ньюс”: — “Коопсуз шаар” бүтүп, өкмөт эми “коомсуздук шаарды” айта баштадыбы?
Булак: “Азия Ньюс”