Ажылыктын баасы 160 долларга кымбаттап, 2760 долларды түздү

Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек.

Быйыл ажылыктын жалпы баасы 2760 долларды түзүп, мурунку баасына 160 доллар кошулганын муфтияттан маалымдашты.

Ажылыктын баасы климаттык шарттан улам кымбаттай турганы боюнча Сауд Аравиясы бардык мамлекеттерге кат түрүндө билдирген. Анда аба ырайы 40-50 градуска чейин ысык болгондуктан зыяратчылар үчүн тигиле турган чатырларга кондиционерлер коюлары айтылган.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 4 585 орун бөлгөн. Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу