Ажону мактаган Бабанов инвестиция боюнча министрлик түзгүсү келет. Кантип? Жер-Үйдүн мисалындабы?

Өмүрбек Бабанов бүгүн мамлекеттик резиденцияда өткөн жыйында адатынча Алмазбек Атамбаевди мактап, ага жагынуунун аракетин кылды. Өмүке, канчалык жагынбасын, канчалык кошомат кылбасын, канчалык мактабасын, АША аны анчалык жактыра бербеси белгилүү. Бирок алдыдагы чоң шайлоону эске алганда саясатчылардын позициялары акылга сыйбас болуп өзгөрүп кетчү эле. БӨТ андан тышкары, ажого инвестиция тартуу боюнча министрлик түзүү сунушун айтты. Ушул министрлик эле жетпей турду эле. Инвестиция тартпай өкмөт эшек такалап олтурабы? Экономика министрлиги эшек кайтарып жүрөбү? Бул маселе боюнча инвестиция министрлигин түзүп койсок эле, баары укмуш болуп, инвесторлор Кыргызстанга агылып келет деп ким кепилдик берет? Баягы күнү “Бир болдун” бир депутаты Айыл чара маселеси боюнча вице­премьер керек деп ачылыш жасады эле. Эми анын “оорусу” БӨТкө жуккан окшобойбу. Атка минерлер эптеп эле чоң кызмат ордуларын көбөйтө албай араң турушат. Чыгым жана натыйжа маселеси менен эч кандай иштери жок. Бир мисал айталычы, Бабанов премьер кезинде, андан кийин Жер­Үйгө инвестор тартып келди, Муса Бажаев деген миллиардер досун. Анысы Жер ­Үйдүн 40 пайызын “Граф” деген каймана аты бар, казак (жердиги биздин токмоктук) Алижан Ибрагимовго карматып, 20 пайзын БӨТтүн өзүндө калтырганы тууралуу маалыматтар чыкты. Башында бул маселе айтылган эмес. Ал аз келгенсип, баасы атайы арзандатылып (2013­жылы 300 млн. доллар деп бааланган) Жер­Үйдүн лицензиясы 100 млн. долларга сатылган, анан эми бул үч миллирадер Таластагы ал атактуу кендин лицензиясын Кипрге 600 млн. долларга сатышыптыр. Ортодо бул миллиардерлер канча пайда көрүп жатышат? Бул маселени өкмөт да билет. Себеби, өкмөткө тиешелүү акча эмгиче түшпөй жатканы айтылууда. Чагылган сайты: жакында “ Бажаев, Бабанов, Граф” Жер үйдүн лицензиясын 600 млн. долларга сатышканбы? — деген иликтөө макала жазган. Ал макала чыккан соң, 24.кж маалымат агенттигине Бабановдун Жер­Үйдө 20 пайызы жок, 60шы Бажаевге, 40 пайызы Графга тиешелүү деген маалымат жарык көрдү. Ал маалыматтын “автору” кайсы тарап болуп жатканын окурмандар деле билип турса керек. Кыскасы, Бабанов бул маселе боюнча да так секирип, өзүн Жер­Үйгө эч кандай тиешеси жок экенин далилдей албай убара тартууда… Актана берсин, бул маселе дагы такталат. Парламентте да айтылып калаар… Мына, урматтуу окурман! Эгер бизде инвестиция тартуу боюнча министрлик түзүлүп калса, анда Жер­Үй кени боюнча жогоруда айтылган көрүнүштөр көбөйөт. Ошолордун бири БӨТ өзү болбойт деп ким кепилдик берет? Кыргызда: “көнгөн адат калабы” деген сөз бар го…

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу