Адахан Мадумаров: «Каракчыны баатыр кылып, «Манас» орденин тагып коюш эки сааттык эле жумуш болуп калды»

Көп учурда ачык айтып ак сүйлөгөн Адахан Мадумаров менен Кыргызстандагы айрым жагдайлар тууралуу сүйлөштүк.

-Адахан Кимсанбаевич, Атамбаев менен бирдикте жазда кырдаалды курчушуна салым кошот деген кептер айтыла баштады го. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Мен эч качан бир адамга кызмат кылган эмесмин. Аны элдин баары билет. Чындыкка дал келбеген мындай маалыматты Акүйдүн акырынан жем жеп жүргөн азаматтар айтып жүрүшөт. Бирок алардын мындай аракетинен майнап чыкпайт. Анткени, элдин көзү ачылып калган. Мурункудай болуп эл оңой менен алданбайт. Менин артымда Атамбаев эмес эл бар. Тактап айтканда, Атамбаев менен 2015-жылдын жаз айынан бери жолукмак турсун, телефондон да сүйлөшкөн эмесмин.

— Адахан мырза, неге акыркы мезгилде Россияга тез-тез эле барып жатасыз? Ал жакта жогору жактан маселе чечкен адамдарга жолугасызбы?

-Россия федерециясына боордоштордун, мекендештердин чакыруусу менен барам. Алар мени тез-тез чакырып турушат. Мекендештерибиз Кыргызстандагы абалды тууралуу маалымат алгылары келет. Ошолордун чакыруусу менен барып, берген суроолоруна жооп берип келем. Кимдир бирөөлөр шек санагандай Кыргызстандын маселесин чекен адамдарга эмес, карапайым адамдарга жолугуу үчүн барам.

-“Мен макул эмесмин” деген кыймыл бийлик алмашкандан кийин түзүлгөнбү? Же жаңы түзүлдүбү?

-2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин мен макул эмесмин деген улуттук элдик кыймыл түзүлгөн. Анткени, мурдагы күрөш бүттү, жаңы күрөш башталды деп кыймылдын атын ушундай атаганбыз. 200 миңден ашык кайдыгер эмес кыргыз мамлекетинин жарандары кол коюп, ушул кыймылга мүчө болушкан. Россияга да “Мен макул эмесмин” деген кыймылдын өкүлдөрүнүн чакыруусу менен барам. Алар көп учурда Кыргызстанга которгон акчабыз адал, шайлоодогу добуштарыбыз арамбы деп капа болушат. Анткени, өлкө жетекчисин, мамлекеттин парламентин шайлоодо эмнегедир сыртта жүргөн жарандарыбыздын укуктары тебеленип, тепселет. Мына ушул жагын жолго салууну, шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү суранышат.

-Шайлоо демекчи партиялык системанын жакшысынан жаманы көп экен деп, бир мандаттуу шайлоо системасын каалагандар да бар. Шайлоо системасын өзгөртүп, бир мандаттуулукка багыт алсак кандай болот?

— Бир мандаттуу шайлоо системасын мен эки колумду көтөрүп колдойм. Парламентке ат салышып жаткан адамдын ким экенин атасынын атын, адистигинен бери билесиң. Бир мандаттуу шайлоо болсо, бүгүнкү күндөгүдөй болуп аты-жыты белгисиз адамдар мыйзам чыгаруу бийлигине келип калбайт эле. Партиялык система менен келген депутаттар Кыргызстандын мыйзам чыгаруучу органынын төш белгисин тагынып отурушканы менен бир заматта башка мамлекеттин жараны болуп чыга калып жатышат. Төш белгини тагынып отургандардын айрымдары заматта кылмыш иши козголуп түрмөгө отуруп калышат. Же түрмөдөн чыгып, парламентте отуруп алышат. Айтор, партиялык тизме менен шайлоонун арты менен мына ушундай ашмалтайы чыккан, кадыр баркы кеткен система орун алды. Бир мандаттуу шайлоо кылып, элдин өкүлү жоопкерчиликти эл алдында тарта турган кылсак жакшы болот эле. Башта биз айдын аягында эл менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берип, байланыш түзүп келчүбүз. Бүгүнкү күндө депутаттарда эл менен жолугуп, шайлоочуларынын алдында отчёт берүү деген түшүнүк жок болуп баратат.

-Парламентти сабатсыз деген сындар айтыла баштады. Бул сындын жөнү барбы?

-Акыркы күндөрү парламентин сабатсыздыгы чоң талкууга ээ болуп жатат. Мен элдин арасындагы нааразычылыктарга толугу менен кошулам. Бирок, ошол эле учурда биздин коомчулук да өз жоопкерчилигин толугу менен сезиши керек. Анткени, эл айдан түшкөн жок да. Ушул эле партияларды акчага, куру намыска азгырылып шайлап беришти. Мына ушундай адаттан тыш нерселерден алыс бололу, шайлоо системасында ачык-айкындыкты орундаталы деген максат менен Феликс Куловдун, Ишенбай Кадырбековдун партиялары жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясы биригип, шайлоо кодексинин долбоорун жазганбыз.

Президент менен жолукканда дагы эмне үчүн сырттан 13 жарым миллион евро алган мыйзамды жазасыңар да, биздин азаматтар бекерден бекер жазган мыйзам долбоорун карабайсыңар дедим. Биз сунуштаган мыйзам Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду ачык кылып же болбосо элдин ишенимин кайтарууга толук мүмкүнчүлүк жарата турган долбоор. Муну бирөө жазып таңуулаган жок. Аткаруу бийигинен, мыйзам чыгаруу бийлигинин тажрыйба алган , турмуштук тарыхый тажрыйба топтогон азаматтар биригип жаздык. Биз сунуштаган кодекс кабыл алына турган болсо, шайлоодо акча бермей, улак чаптырмай, концерт уюштурмай жок болот. Талапкерлер ар бир тармак боюнча идеяларын айтып, теледен талашып тартышат. Эл жакканын тандап алсын деген максатта жаздык. Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, биздин мамлекет 4-5 кадам алдыга жылышына шарт түзүлмөк. Тилекке каршы, бүгүнкү Жогорку Кеңеш да, бийлик да андай мыйзам долбоорун кабыл алууга кызыкдар эмес экенин билип жатабыз. Себеби, суу канчалык кирдеп, ылайланса балыкты ошончолук бат кармаганга шарт түзүлөт. Булар тунуктуктан коркушканы үчүн биз сунуштаган мыйзам долбоорун карашпай жаткандай.

-2020-жылы шайлоо системасы өзгөрбөй ушул эле ыкмалар менен шайлоо боло турган болсо, Кыргызстанда саясий абал курчуп кетпейби?

-Соңку тарыхыбыз курчтуктун да апогейине, туу чокусуна жетип, серепчилер айткан багытта эмес, башка багытка өзгөрүп кетүү мүмкүнчүлү чоң. Ошондон Кудай сактасын. Биз мамлекеттүүлүктү жоготуунун алдында турабыз. Ушул жол менен кете берсек, мамлекеттүүлүк кагаз жүзүндө гана калып, башка учурларда мамлекетибиз бар деп айтуу да кыйынчылык жаратып калышы ыктымал

-Эгер шайлоо системасы өзгөрүлбөй турган болсо, оппозициялык блок түзүп, биригип шайлоо системасын өзгөртүү аракетин көрбөйсүздөрбү?

-Мен эч ким менен биригейин, бирөөлөрдү бириктирейин деген да оюм жок. Себеби, биригүү деген система көңүлгө көк таштай тийип бүткөн. Саясатчылар элдин көңүлүнө кандай көкташтай тийсе, мага да так ошондой тийген…

-Учурда туура эмес чечим чыгарган соттордун айрымдарына иш козголуп, ишинен айдала баштады. Бул нерсе элдин ишениминен чыккан сотторго ишеним арттыра алабы?

-Бүгүнкү күндө сотторго таза инсанды капкара кылып жаап коюш маселе эмес. Же каракчыны баатыр кылып манас орденин тагып коюш да эки сааттык эле жумуш болуп калды. Мурат Суталиновду догдурлар 4-стадиядагы атың өчкүр жаман оору деп тыянак чыгарып берсе да, соттор ишти карабай койду. Генералдын ишин кароодон райондук сот баш тартып койгондон кийин мен соттордон биротоло түңүлдүм. Суталиновдун абалы доктурлардын чечимисиз эле оңой эмес экени көрүнүп турат. Эки күн болсо да, үйүндө, жакшынакай шартта дарыланууну ыраа көрүшкөн жок. Кейигеним анчалык кыйналбаган баш кесерди деле үч күндө өлүп калат деген чечим менен чыгарып жиберишти эле го. Өзүбүздүн азаматка неге мынча таш боордук менен мамиле кылышканы чыны менен өкүнүчтүү.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу