Адам өлүмүнө шектелген прокурордун жардамчысы жазадан кантип кутулду

Токмок шаарынын сотунда Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр
Сейталиевдин иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Соттук отурмдун башында
жактоочунун сунушу менен Данияр Сейталиевдин баш коргоо чарасы өзгөрүп, өлкөдөн
чыгууга тыюу салынды. Сотко экспертизанын жыйынтыгы келди. Экспертизанын
жыйынтыгы боюнча, Сейталиевдин жол кырсыгын болтурбай койгонго мүмкүнчүлүгү
жок болгон.

Соттолуучу сүзгөн унаанын ичинде каза болгон келин көлмөгө кулап, тумчугуп калган деген тыянак
чыккан. Данияр Сейталиев кырсык болгон жерден качып кеткен деп эле күнөөлөнүүдө.
Эскерте кетсек, Данияр Сейталиев 17-июлдан 18-июлга караган түнү Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына
келе жатып башка унааны сүзүп, касып кеткен. Данияр Сейталиев окуя болгон жерде кызматтык
күбөлүгүн түшүрүп койгон, ал мас болгон.Каза болгон келин унаанын аркы жагында отурган. Унааны
келиндин күйөөсү айдап бара жаткан. Алардан башка унаанын ичинде дагы бир нече адам болгон.
Алар унаасын жолдун жээгине токтотуп, таза аба жутуп эс алуу үчүн токтотушкан. Жолдун жээгинде
токтоп турган унаанын ичинде каза болгон келин менен анын курбу кызы болгон. Прокурордун
жардамчысы Данияр Сейталиев мас абалында катуу ылдамдык менен келе жатып, унааны сүзгөндө
ичиндеги келин сыртка ыргып кеткен. Курбусу ооруканада оор абалда жаткырылган. Унаадан алыс
эмес жерде турган айдоочунун колу сынган. Прокурордун жардамчысынын айынан каза тапкан
келиндин артында 2 жашар баласы калды.

Прокурордун жардамчысынын унаасын текшерүүнүн жыйынтыгында сотто токтотулуп калган
кылмыш иштеринин документтери (25 кылмыш иши), арыздар жана сотко тиешелүү документтер
табылган.

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган документтер мыйзамга ылайык, сыртка чыгарылбашы керек.
Соттун канцеляриясында гана турушу шарт.
Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасынын прокурору
Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы Данияр Сейталиевди прокурордун жардамчысы кызматынан
кетирген.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу