Абулгазиев «аут» кетет дейби?

Өкмөт  башы Мухамметкалый Абулгазиевдин деле өкмөттөгү көргөн күнү, ичээр суусу түгөнүп, жакында кызматын тапшырып берээри тар чөйрөдө сөз боло баштады. Эгер чындап эле кетээри мерчелип, бийликтин бирди мээлегени бар болсо анын түпкү максатын, өлкөдөгү экономикалык, чарбалык абалыбыздын чабалдыгынан улам келип чыгышына байлагандар четтен чыгаар. Ошентсе да, өлкөдөгү саясий жүрүштөрдүн кадамы, дайымат саясий боекторго барып такалаары белгилүү. Бул аракеттердин артында деле, кандайдыр бир кадамдардын катылып жаткандыгы анык билинбесе да, кандайдыр бир саясий сүртүмдөрдүн бар экени байкалгансыйт. Абулгазиевдин өкмөт башы болуп келгенине көп эле болду. Бул аралыкта анын өкмөт башчысы катары ишине бешманжабызды ачып-жаап, алгылыктуу иштерин деле санай албайбыз. “Жолду улайт” ишинен тайып, өзүбүздө турган “Таза коом” программаларын ишке ашыруудан мурда, тажрыйба топтоону максат кылып, жок дегенде береги армян өкмөтүнөн үлгү алалбаган Абулгазиев, баа-баркы бар кезде барып келип, бапылдап токтогон бизди-килердин бир кездеги Грузия башкаруусуна умтулганы, андан соң ала таякчандарды жол тосуудан алып салабыз териздеги демилгени көтөргөнү эле эсте болбосо, алары айткан эле жеринде кала берди. “Аймактарды көтөрүү жылы” деп айтылганы менен айыл жактагы жылыштар деле жыргаган жок. Депутаттардын адмнистративдик аймактык реформалар боюнча айткан кептерине кебек кепшигендей да болгон жок. “Облусту жоюп, ирилиштирсек болот эле” деген Сулаймановдун үч жолу айткан сөзүнө “итим да пыш дебейт” дегенчелик кылды. Баардык башкаруу ушул таризде калаарын айтты. Демек, келээрки шайлоолор деле Абулгазиевдин алдында көз кысты, кол ийрисине тарты таризде өтөт окшойт деп ооз жыйгыча, анын азыркы абалы чатака айланып кала турган абалды туру. Эмнеси болсо да аймактык реформаны кылбай, келээрки шайлоолорду “шайтан” оюндар менен коштолгон, бийликтин “бирдиктүү системаысын” өлтүрбөй сактап калуу жолунанан тайган жок. Бул бийликке жакшы. Элгечи? Президент менен өкмөттүн Эл алдындагы милдети жана жоопкерчилиги эки башка болгону менен тутумдаш кызмат экени, алар бирин-бири толуктап тураары белгилүү. Мына ушул өңүттөн алып Караганда, өзү ишеним берген Абулгазиев Президенттин элге берген бир топ убада иштеринин этегине чыга албагандыгы, чын-чынына келгенде ажону ар жактарда “кооздой” албайт. Демек, коомдогу ар түркүн өкмөткө айтылып жаткан сындардан улам, жалпы бийликтин бир топ кадырын кетирип жибериши мүмкүн. Анда көрө Абулгазиевден кутулуу “картасы” ачылат. Жаңы өкмөт келет. Муну ЖК деле жактырышы мүмкүн. Аларга сындатып анан шайлатып, майлатып коюу майдай жагат эмеспи. Анан калса парламент деле кадыры карк абалда эмес. Коомдо жек көрүү бар. Ушул маалда кеткен өкмөткө болгон буктарын артып берип койсо, бир-эки ай муңбай турушат. Абулгазиевдин өкмөтү элге эмне кылды? Мамлекеттин казынасынын орчундуу бөлүгүн ээлеп турган Кумтөр ишканасынан түшкөн кирешени эсепке албаганда, башка тармактардан келген пайдаларда өсүштөр байкалууда деп бир айтып, Күмтөр жылдагыга салыштырмалуу алтындан аз пайда көрө баштагандыгы өлкө казынасына оорчулук жаратууда деп бир айткан өкмөттүн бул саясатын кантип түшүнөөрдү билбей турабыз. Сыягы, коррупция менен күрөштөгү “жемиштерди” санап жүрүшпөсүн? Анысы деле ооз толо мактаарлык иш эмес, кайдан келген көрсөткүчтөр экени ачык көрсөтүлбөгөн куру дымактуу цифралар. Айып пулдун акчасын айтып бүтө албай жатат. Тигинде айдоочу сөгүп, каргап турат. Бул жакшыбы? Кечээге “бажагейт” иштери да Абулгазиевдин өкмөттүк ишине өз кедергисин тийгизип, “бур тууганчыл, кудачыл Президент” болуп, коомдо катуу сынга кабылып аткан кезде, Жээнбековдордун деле бирдиктүү бийлигине көлөкө түшүрдү. Ачык айтып, тууганчыл бийлик жок деп жаткан кезде Президент “ууруну алыстан издебе” болуп, өкмөт башы Абулгазиевдин өзү чыга калганына не дейсиз? Эми анын арты эмне болоору айдык ачык көрүнүп, Президенттин аткаруу кызматынын башчысынын мына мындай туугантынын башчысынын мына мындай тууганчыл  саясатчы катары айланасынан чыга калышы, Абулгазиевдин ай чапчыган актануулары Президенттин алдында суу кечпей калаары турулуу эле иш. Жакында казак ири бизнсмендеринин өкмөт  башынын астанасын акырын аттап өзүнчө “оокат” кылып жүргөнү да шардана болот деген кептер бар. Анысы чындык болуп чыкса, бул өкмөттүн деле ичээр суусу түгөнөт кербезденет. Эшегине жараша, тушагы болгон өкмоттүн бир топ кемчиликтерин саясий кадамдар менен түздөп, бийликтеги бирөөнү “кирит” чабуу аракети менен жапкысы келип тургандай түр көрсөткөн саясат, анча-мынча бийликтин бир топ атка минерлерин алмаштыруу менен башталаары өткөндө сөз болуп кетти. Бир топ маалымат бу- лактары “министрлердин алмашуусу, боюнча жазышты. Ал турсун Катани каймана аты бар Өмүрбек Суваналиевди кыр ашырып, мактан-жактап, Президентке учкаштырып да жиберишти. Бийликтен кетпеген ким бар жөн? Кетет. Бирок, дайымат саясат менен кеткен кыргыз чиновниктеринин бул жолку сахначысы” Абулгазиев болот окшойт сыягы.

Баймырза НАКАЙ

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу