Абдышүкүр ажы Атамбаевди колдодубу?

Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө 1-июлда диний аалым Абдышүкүр ажы Нарматов барды. Анын Элдик штабга келип жылуу сөздөрүн айтып,  тынчтык болсун деп дуба кылып кеткени маалым болду. Мындай кабардан соң, эл арасында аалымды сындагандар менен колдогондор эки жаат болуп кайым айтышты. Абдышүкүр ажы өзү болсо ал жерге тынчтык тилеп, жакшы ниет, жакшы сөздөрүн айтып, ынтымакка чакырып барганын жар салып: “Менин да эңсегеним жана тилегеним — элимдин ыйманы жана тынчтыгы. Тилекке каршы, “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, “жумурткадан кыр издегендер” муну ар кандай максатта бурмалашууда” — деп билдирди. Ошого карабай, коомдо “Абдышүкүр ажы кайсы жээкте экенин билгизди, Атамбаевди колдоору айкын болду” деген жүйөлөр көбүрөөк талкууланды.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу