Абдыгулов эне тилин эжелеп…

Вице-премьер министр Абдыгулов Толкунбек деген неме эне тилинде эркин сүйлөй албайт экен. Буга чейин эне тилин үйрөнбөй эшек такалап жүргөнбү? Мамлекеттик маанилүү кызматтагы адам, Жогорку Кеңештин трибунасында кыргызча текстти жөндөп окуй албай, эки алган окуучудай эжеледи. Мындан мурда бул жигит Улуттук банкты жетектеп турганда кара куурайды өстүрүүнү мыйзамдаштыралы деген идеясы менен дүң болгон эле. Кара куурайды коё туруп, кыргыз тилинде түш жооруганды үйрөнүп алса жакшы болчудай экен. Кайран гана мамлекеттик маанилүү маселелер ушундай “киргиздердин” айынан көлөкөдө калып жатат.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу