Абдрахманов: Атамбаев бизди жер каратты

КСДПнын курултайында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлү Сагынбек Абдрахманов сөз сүйлөп жатып, Атамбаев чакыруу кагазын алганы менен курултайга  келбей койгонун айтып:

— Атамбаевге расмий чакыруу жиберилген, ал бул жыйынга келип өзүнүн таарынычын, биздин кемчилигибизди ачык айтып, катасын мойнуна алса болмок. Бүгүнкү жыйында Атамбаев менен маселелерди ачык талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Келбей койгону өкүнүчтүү.Атамбаев үчүн биз элди карай албай, жер карап калдык»-деп сындады.

Курултайга саясатчылардан Данияр Дербишалиев, Ыргал Кадыралиева, Исмаил Исаков, Абдрахман Маматалиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, жер-жерлердеги кеңештердин депутаттары да катышты.Курултайга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун да келиши күтүлүүдө.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу