Чиновниктер кайдан кийинет?

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко жергиликтүү бут кийим өндүрүүчүлөрдү колдоп, жалаң гана алардын бут кийимдерин киерин жергиликтүү телеканалдар жарыялашты. Беларусь президентинин айтымында, анын киийп жүргөн бут кийимине, жада калса, башка өлкөлөрдүн президенттери да кызыгышат экен.

Мындан улам жыл өткөн сайын жаңы деңгээлде өсүп жаткан ата-мекендик жеңил өнөр жай тармагын колдоп, Кыргызстандын аткаминерлери да ата-мекендик кийимдерди тандап-тандабастыгына кызыкты. Биринчи эле мындай суроону ошол тармактын устасы “Жеңил өнөр жай” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асановго узаттык.

 

Менин костюмдарымдын баары биздин өндүрүшчүлөрдүкү. Ачыгын айтыш керек, биздин чоңдордун көпчүлүгү кие беришпейт. Орто кызматтагылар кийиши мүмкүн. Ал эми бут кийимдерге келе турган болсок, азырынча бут кийим тармагы өнүгө элек. Буйрутмага гана тигип жүргөндөр бар. Алар дагы барган сайын өнүгөт деп ишенем.

Ал эми вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекованын Кыргызстанда тигилген эки эле көйнөгү бар. Кыргызстандан эле алганы менен кийимдеринин көпчүлүгү Түркия, Кытайдыкы.

Негизинен Кыргызстандагы эле дүкөндөрдөн кийинем. Алардын ичинде Түркия, Кытайдыкы, Кыргызстандыкы да бар. Ал эми Кыргызстанда тигилген эки көйнөгүм бар. Ошондой эле чермийим бар. Менин оюмча, ошол дагы кошкон салымым го.

 

Ал эми “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов болсо Түркиянын кийимдерин тандайт. Бирок арасында атайын буйрутма менен тиктирген костюмдары да бар. Эмне үчүн ата мекендик кийимдерди көп ала бербестигин мындайча түшүндүрдү.

Кыргызстанда тиккендердин сапаты бираз туура келбейт. Кийген кийим жарашыктуу болуш керек. Азыр ошол сапатка жете элек го деп ойлойм. Биздикилер экспортко ылайыктап тигишет. Бирок жергиликтүү тигүүчүлөргө атайын буйрутма берип дагы тиктирип жүрөм. Ал костюмдарды кийип жүргөнүбүз аларга колдоо деп ойлойм.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова жеке тигүүчүлөргө буюртма берип тиктиргендерден. Атайын тиктирүү менен өзүнө каалагандай сапатта, ошол эле учурда тигүүчүлөргө колдоо жасаса да болот деп ойлойт. Текстиль тармагы өнүгүп жатканын айткан депутат айым жакшы тигилген кийимдер экспортко кетип, Кыргызстанда калгандардын сапаты төмөнүрөөк экенин белгилейт.

Мен негизи өзүбүздүн эле тигүүчүлөргө тиктирип киемин. Ошол дагы колдоо деп ойлойм. Мисалы, бир костюм менен юбка тиктирсем, максимум 10 миң сом болот. Ошол эле кийимди башка бренд дүкөндөр 15-18 миңге сатышы мүмкүн. Биздин тигүүчүлөр жакшы тиккендиктен, элдер муну кайсы жактан алдың деп сурайт.

 

Жеңил өнөр жай ассоциациясынын билдиришинче, текстиль тармагы жылдан жылга өнүгүп, ал тармакта жумуш менен камсыз болгондордун саны да өсүүдө. Ал эми ата-мекендик кийимдерге карата суроо-талап да канаттандыраарлык.

Булак: Марал 



Сиздин пикир