Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарында иш сапар менен болду.
Мамлекет башчысы Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты. Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду.
ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн Президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты.
ЖККУда төрагалык Казакстандан Кыргызстанга өттү.