Төрөбаев Асылбек Жээнбековго шыйпаңдай баштадыбы?

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодон кийин кашыктап чогулткан кадырынан айрылып, «жээликкен таз, демиңди бас» болуп, мурунку таз кейпине келди. Саясий чөйрөдө салмактуу саясатчы катары элге төбөсү көрүнө баштады эле, түптүз жер­ден оңкосунан сайылып аутка кетти. Коомчулук Төрөбаевди саясат­чы катары эмес, жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр болгон жеңил ойлуу, күн тийген жердин күкүгү болгон кубулма жүзүн көргөндө жерге түкүргөнгө аргасыз болушту. Дээринде иш билгилик, туруктуу, кайраттуу сапаты жок адам саясатчы болуп жарытпайт тура. Бирок мындайлар мурдуна карап бышкырып, алына карап иш кылбайт экен. Качан болсо колу жетпеске умутулат… Максатына жетиш үчүн кимдин колунда бийлик болсо колтугуна кирип, алдына көлдөлөң болуп төшөлөт. Мына президенттик шайлоодо Жээнбековдорго каршы иштеп, Бабановдун колуна суу куюп жүрдү эле, эми болсо Асылбек Жээнбековго киргенге жылчык издеп шыйпаңдап жүрөт. Анан ушундай байкуштар кантип эл камын көрө алат?

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу