ТУУГАНБАЙ АБДИЕВ – ТӨКМӨ ӨНӨРҮНҮН ТӨРӨСҮ

Төкмө өнөрүнүн төрөсүнүн бири болгон Тууганбай Абдиевдин көзү тирүү болгондо бүгүн 80 жашка чыкмак.

Төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев 1937-жылы 7-апрелде Токтогул районунун Ничке-Сай кыштагында туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө, 1956–1961-жж. Жалал-Абаддагы облустук драма театрында, 1961-жылдын март айынан өмүрүнүн акырына чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында артист болуп эмгектенген.

Абдиевдин чыгармачылык жолу алп таланттардын мекени болгон Кетмен-Төбө өрөөнүнөн башталып, өзү туулуп-өскөн жердеги ырчылардан өнөр тушоосу кесилген. Театрга келгенге чейин эле алгач устаты Коргоолдон комуздун коштоосунда ырдоону, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды айтууну үйрөнгөн.

Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Замирбектер менен бир нече айтыштарды жаратып, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуу залкарлар менен учурашып ырдап алардын ак баталарын алган.

“Чоң кербез”, “Бала кербез”, “Тогуз кайрык”, “Мырза кербез”, “Бала кербез”, “Кара өзгөй”, “Кер толгоо”, “Ак тамак, көк тамак”, “Ак Бакай”, “Лу-лу Мамажан” комуз күүлөрүн, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Ак Мөөр” кенже эпосторун жана башкаларды мурдагы авторлордун деңгээлинде аткарбастан, өз чеберчилиги менен алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Ошондой эле “Эрке кыял” аттуу күүнүн автору.

-1993-жылы «Ак таңдай–93», 1995-жылы «Манас–1000» эл аралык акындар айтыштарынын жеңүүчүсү болгон, Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

-2000-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде дастанчылардын жеңүүчүсү болгон.

-1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген.

-1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

-2008-жылы Меккеге ажылык сапарына барып келген.

Чет мамлекеттерде чыгармачылык гастролдо болуп, кыргыз искусствосун даңазалаган. Чет жердеги гастролунун биринде төкмөлүк өнөр кыргызга гана тиешелүү экендиги тууралуу төмөнкү саптарды айткан:

Актаңдай башы манасчы,

Алты миң сапты бир айткан.

Жерибиз өнөр кенчи го,

Жети күнү токтобой,

Жааган жамгыр өңдөнүп,

Күн кеч кирсе, түнү айткан.

Желдей соккон кармалгыс,

Желип, желип олтурса,

Жети миң сапты бир айткан.

Кызый-кызый олтурса,

Кыргыздан гана жаралган,

Кырк миң сапты бир айткан.

Миң-миңи эмне болуптур,

Миллион сапты бир айткан,

Кыргыздан башка ким айткан?!,

Ошондой эле акын Тууганбай Абдиевдин «казактан көрдүм кокуйду, кагаздан акын окуйбу?» деген эки сабы дагы төкмөлүк өнөр кыргыздар аздектеп ала турган, кудайдан берилген касиет экенин билдирип тургандай.

Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында көз жумган. Акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү 2008-жылы 3-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

2013-жылдын февраль айында КРнын Эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин мемориалдык тактасы борбор шаардагы Чыгыш-5 кичи районунда өзү жашаган  үйдүн дубалына орнотулган.

42 жыл бирге өмүр сүргөн жубайы Эсен апа төкмө акын менен  1966-жылдын 16-сентябрында баш кошушканын, филармонияда таанышышканын билдирген.

“Чакырган жакка кечикпей барган абдан так адам эле. Ошондой эле сөзгө чечен, абдан тамашакөй жан болчу. Убактысынын көбү чыгармачылыкта өткөнүнө карабай абдан камкор ата эле. Балдары ооруп калса ыйлап жиберчү. Балдарга укол саярда кокуй, кармап бергенге кошунаны чакыр деп коркуп качып кетчү. Комузга кылды өзү жасачу, Тууганбайдай кылды эч ким жасай алчу эмес”,-деп эскерген Эсен апа .

Тууганбай Абдиев өзү башкы ролду жараткан “Махабат дастаны” тасмасы тууралуу буларды айткан: “Асел неберемдей болгон кыз болсо аны карап ырда дешет, тартынып ырдай албай койгом. Анан ал жерге Күнболот Досумбаевдин аялын отургузушту, анда да сүрдөсөм Дооронбек өзү жоолук салынып отуруп, мен аны карап ырдап тартылгам. Мушташкан жеринде бетимди кан кылабыз деп жаш балдар жеген гематогенден сыйпап коюшкан. Алып барып бакка байлашса бетиме чымындын баары конуп абдан кычышты. Кино тартуу азап экен”.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу