Садыр Жапаровдун тагдыры таразада…

Экс-депутат Садыр Жапаров ушул жылдын 26-мартында Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери менен айыпталууда.

25-март күнү Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде күч органдары кармап кетишкен. Экс-депутаттын тарапташтары митингке чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. “Аны колдоп чыккандарга карата милиция эскертүүчү желим ок чыгарды” деген билдирүү тарады. Интернетте митингде кармалгандар ур-токмокко алынгандыгы айтылып, бети-баштары кан, ыйлап отурганы тартылган видео тараган. Анын арасында экөө Садыр Жапаровдун Рустам, Ренат аттуу уулдары экен деген маалымат чыкты.
ИИМ билдиргендей, митингде 105 адам кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык», «милиция кызматкерлерине кол көтөрүү», «мүлккө чыгым келтирүү» беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон. Анда 64 киши эки суткадан беш суткага чейин камакка алынып, 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Эки митингчиге эскертүү берилсе, калгандары бошотулгандыгы айтылат.

УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алгандыгын айтат. Анда «адам өмүрүнө коркунуч келтирүү», «барымтага алуу», «ээн баштык», «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Эмилбек КАПТАГАЕВ, Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү: “Жапаровдун балдарын көк ала койдой сабап…”

— Мен эки күн мурда Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазган эмесмин. Андай доо арыз жазууга менде негиз жок. Ошондой эле жеке адам катары Садыр Жапаровго карата эч кандай доом жок. Анын мага карата айтып, жазып жүргөн ушак деңгээлиндеги сөздөрүн да кечирдим дедим эле. Мына өзү Кыргызстанга келди. Чек арадан аны укук коргоо органдары тосуп алышып кармап кетишиптир.  Коопсуздук кызматына алып келип камашыптыр деп окуп жатам.

Окуянын мындай жагдайда өнүгүшүнө нааразы болгон талапташтары митингге чыгып, бошотууну талап кылышыптыр. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бирок азыр видео-тасмалардан жүрөк оорута турган кадрларды көрүп турабыз. Адамгерчиликке жатпаган жорукка күбө болуп жатабыз.

Жапаровдун балдарын көк ала койдой сабап, боор жагын басып кыйналып, онтоп жатканына карабай дарыгер чакырбай турушканын кантип бейкапар карап олтурууга болот? Баарыбызда бала бар. Атасы камалып жаткан бала барат, күйүп бышат. Балким ыза менен бир аз чектен чыгып, ашыкча эмоцияга алдыруусу да мүмкүн. Бирок ал жерден ошончолук күч колдоно турган, ошончолук зомбулук менен баса турган кырдаал болгонун көрө алган жокмун.

Кандай коомдук толкундоо болбосун, кандай митинг болбосун милиция менен элдин ортосунда ары бери түртүшүү болот. Бирок күч колдонуунун да чеги бар экенин унутпасак. Эми атасына кошуп балдарын дагы «тополоң уюштурган, бийлик адамдарына карата таш ыргыткан, күч колдонгон» деп камакка алуу, аларды да соттоого аракет кылуу акылга сыйбай турган иш болуп калат. Бийлик мына ушул жагын жакшы ойлонуп туруп иш кылса туура болот эле.

Бердибек ЖУМАБАЕВ, “Даанышман Кеңеш” коомдук бирикменин төрагасы: “Президентти адаштырып жаткандар дагы жок эмес”

— Азыр чындыгында республиканы талкалаган чоң күнөөлүүлөрдү издеп эч ким аракет кылган жок. Миллиард, миллиондогон зыян келтиргендердин артынан иш козгоп, эл аралык издөөгө салып, кармап келүүгө аракет жасалган эмес. Ал эми Садыр Жапаров өтө мекенчилдигинен улам запкы көрүүдө. Келечектүү саясий топ түзүү үчүн ушундай балдарды колдонуу керек эле.

Биринчиден ал издөөгө алынып, соттук чечим чыккан эмес. Аны чек арадан кармап келүү түшүнүксүз болууда. Бул жерде адамдардын укугу тебеленип жатат.

Митингдин катышуучуларын ур-соккуга алып, кармап кетүү дагы  жапайычылык. Демек, Жапаровдун аброю көтөрүлүп жатат деген коркунучтар болгон. Митингдерде башаламандыкты атайын жасаган үчүнчү жактар дагы болушу мүмкүн. Эки жакты каралатып, тирештирип, ортосунан пайда таап, бөлүп-жаруу саясаты бар.

Азыр Садыр Жапаров камакка алынып, бир жагынан анын аброю жогорулайт. Азыркы бийликтегилердин көпчүлүгү сокур саясатчы болууда. Бул жерде президентти адаштырып жаткандар дагы жок эмес. Бийликтин өзүнүн маданиятсыздыгы жана стратегиялык саясатынын жоктугу болуп эсептелинет.

Шекербек КАМЧЫБЕК УУЛУ, жарандык активист: “Бийлик алдыга оозуп чыккан адамдарды сындырууга аракет жасайт”

— Бийликтин кемчилдигин айтып койсо, куугунтуктоолор орун алууда. Садыр Жапаровду колдоп келген 600гө жакын мигранттар тынчтык митингине келип, жолугушуулар ойдогудай болбой калды. УКМК алдындагы кармоолор боюнча күч органдарынын аракеттери туура эмес. Митингде ок чыгаруу менен кыргыз элин коркута алышпайт.   Былтыр 14-мартта Аксыда митинг уюштурган учурда да милициялар жарандык кийимдерди кийип, эл ортосунда кагылышуу чыгарууга аракет жасашкан.

Мына күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата катуу даярдыктар болууда. Жапаров шайлоого мыйзамдын негизинде катышам деп келген эле. Бийлик алдыга оозуп чыккан адамдарды сындырууга аракет жасайт. Себеби саясатта атаандаштык ар дайым болот.

Садыр Жапаров үчүнчү революцияны жасайт деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Ал адамдардын тагдырын талкалап, кан төгүү менен бийликке бара турган адам эмес. Ал азыркы бийликте олтурган адамдарга караганда жогору турат.

Аскат АЛИЕВ, КР ИИМдин Москвадагы өкүлү: “Жалпы мигранттардын атынан сүйлөгөн туура эмес

— Мигранттар эртеден кечке дейре иштешип, кечинде жумуштан чарчап үйгө жетип, башы жаздыкка тийгенде укташат. Анан бул жердеги жумушун таштап, бирөө үчүн митингге чыгат элем деген мигранттар жок. Балким, арасында Садыр Жапаровдун анча-мынча колдоочулары болушу мүмкүн. Бирок бардык мигранттар барып, митингге чыгат деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Көпчүлүк мигранттар менен сүйлөшсөк, бизге тынчтык  керек дейт. Бул жерге иштөө үчүн жана көр оокат деп келгендигин айтышат. Мигранттар митингге барышат деп жалпы мигранттардын атынан сүйлөгөн дагы туура эмес. Азыр жалпы элдин атынан сүйлөгөнгө менин да укугум жок.

Айбек МЫРЗА, “Жаңы Муун” кыймылынын өкүлү: “Мамлекетте адилеттүүлүк орносо, эл митингге чыкмак эмес”

— Митинг негизи элдин начардыгынан болбойт. Ага бийликтин адилетсиздигинен, өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, элдин кызыкчылыгын экинчи орунга койгондуктан болот. Эгерде мамлекетте адилеттүүлүк орносо, эч качан эл митингге чыкмак эмес. Бардык мамлекеттик бөлүмдөрдө акыйкаттуулук болсо, эл жумуш менен камсыз болгондо гана нааразычылыктар жок болот.

   1937-жылы саясий куугунтук көрсөтүп, саясий лидерлерди тукум курут кылышкан. Азыркы бийлик дагы өз оюн эркин айткан адамдарды коркутуп-үркүтүүгө барып жатышат. Жапаровду колдоп чыккандарды сабап, зомбулук кылганы өз элине кыянаттык жасоо деп түшүнөм.

   Көпчүлүк учурда эл өзү эч качан провокацияга барбайт. Ал көбүнчө бийлик тарабынан уюштурулат. Ар кандай чагымчылыкка үндөп, бийликке радикалдуу сындарды айткандар тескерисинче “провокаторлор” болот. Ошондуктан өлкөдө кандай гана башаламандык болбосун мамлекеттин жоопкерчилигинде турат. Эгерде бийлик адилетсиз чечимдерди чыгарып, элди камай берсе толкундоолордун алдында калат. Мисалы, Акаев, Бакиев учурунда элдин жамандыгынан эл көтөрүлүп чыккан эмес. Ошондуктан “эсиң барда этегиңди жый” деген жакшы накыл кеп бар. Андыктан элдин үнүн угуп, адилеттүү калыс саясат жүргүзүү керек.    

Талант МАМЫТОВ, Садыр Жапаровду колдоо штабынын жетекчиси: “Чындык үчүн баштаган ишибизди аягына чейин чыгарууга милдеттүүбүз”

— Биздин өлкөдө мыйзамдын жоктугун бийликтегилер дагы бир жолу далилдеди. Учурда болуп жаткан окуялар бийликтин алсыздыгынан кабар берет. Орусиядагы мигранттарыбыз диаспорага кайрылып, Жапаровдун бошотулушун талап кылышты. Анткени сыртта жүргөн мигранттарыбыздын көпчүлүгү аны колдошот. Садыр Жапаровду камакка алганы аз келгенсип, балдарын, бир туугандарын да камакка алуу акмакчылык. Саясий адамдардын өзүн гана эмес, жакындарын кыйноо жакшылыкка алып келбейт. Биз акыйкаттуулук үчүн аягына чейин күрөшөбүз. Бүгүн коркуп олтура берсек, эртең балдарыбыздын тагдыры эмне болот? Садыр Жапаровдун колдоочулары жана мекенчилдер чындык үчүн баштаган ишибизди аягына чейин чыгарууга милдеттүүбүз деп ойлойм.  

 Упел АНАРКУЛОВА

“Алиби”



Сиздин пикир