Нурчолпон, ырчы: «Саясатчылардан Курманжан Датка менен Адольф Гитлерди баалайм…»

Жаш болсо да чыгармачылык чөйрөдө талыкпай эмгектенип, өз чыйырын, өз күйөрмандарын тапкан, өзгөчөлөнгөн үнү бар ырчы кызыбыз Нурчолпон менен маек курдук.

— Нурчолпон, турк тилиндеги «Caddelerde R zgar» деген керемет ырды алып чыктың… Бул ырга кандайча кызыгууң артып калды?

— Төөмер деген түрк тил курсунда окуп калдым. Ал ыр Нилюфер деген түрк ырчысынын аткаруусунда экен. Группалаштар угузуп калышты. А негизи бул биз мурдатан эле угуп жүргөн дуйнөлүк классика болуп калган аргентиналык музыка Tango tu Evora болчу. Апамдын да, менин да сүйгөн музыкабыз болгон үчүн тексти да бар экенин билерим менен эле апамдын чоң түрткүсү менен өзүмдүн үнүмө, стилиме ылайыкташтырып өзгөчөлөнтүп ырдап салдым.

— Ырдын мааниси кандай?

— Ыр албетте сүйүү жөнүндө«Сүйгөнүм алыстарда» деп которулат. «Көчөлөрдө шамал, жүрөгүмдө сүйүү бар, ырдап жатышат эски жамгырлар. А менин сүйгөнүм алыстарда, бирок ал да сагынып жатат» дегендей мааниде.

— «Кош, махабат» деген дагы жаңы клибиң чыкты. Бул тасмадан үзүндүбү?

— «Кош, махабат» деген клипке колдонулган тасманы айтып жатсаңыз керек. Ал негизи кыскаметраждуу конкурс, фестивалдар үчүн тартылган фильм. Философиялык мааниде тартылган. Он мүноттүн ичинде бир нече темалар өнүгөт. Режиссер Аманат Иманалиевдин 2018-жылы тартылган тасмасы.

— Чыгармачылыгыңда дагы кандай жаңылыктар бар?

— Улуттук консерваторияда композитордук болүмдө билим алып жатам. Ошондуктан азыр өзүмдүн автордук чыгармаларымды жаратканга аракеттенүүдөмүн.

— Ырды тандоодо алгач эмнесине көңүл бурасың?

— Биринчи музыкасына, анан аталышына, создорүнүн куралышына көңүл бурам. Негизи ырды адегенде жандүйнөм угары менен ырдар-ырдабасымды өзү тандайт.

— Саясатка кызыгасыңбы?

— Саясатка кызыгам, болочокто ырчылык карьерамда жок эле дегенде маданият министри болом деп эңсейм. Анткени Кыргызстандын маданият тармагы көптөгөн өзгерүүлөргө муктаж. Мен ошол өзгөрүүлөргө себепкер болсом дейм. А эгер ошол өзгөрүүлөрдү саясатка аралашпай эле жасай алсам, ал андан да жакшы болот.

— Баалаган саясатчыларың кимдер?

— Курманжан датка, Адольф Гитлер.

— Колуңду сураган жигиттер көп болсо керек?..

— Ага азыр жашмын да, көңүлүм да абдан жаш. Учурда чыгармачылыктагы көп максаттар күтүп турат.

БУЛАК:Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу