Назира Айтбекова: «Ушунча жыл чынжырда жашоо кыйын экен…»

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова өзүнүн интернет баракчаларынан блогер катары жашоо турмушу, жаңылыктары жана аны капа кылган, сүйүнткөн жагдайлары тууралуу жазып эл менен бөлүшүп келет. Анын бул жолку бирөөнө жагынууну эмес өзүң үчүн каалоолоруң эркиндигиң үчүн жашоо тууралуу жазган ой толгоолору окурмандарынын жүрөгүнө өтө таасир берди

«Бирөөгө жагынуу эмнеге мынча маанилүү адам баласына? Болгон аракетибизди жагынуу үчүн жумшап, башкалардын кубаттоосун алуу үчүн төбөбүз мн жер казабыз . Мендигиңди көмүп коюп, сендикти чыгарабыз. Сага жаккан сендик ал. Мага жаккан мендик эмес. Башында ата — энебизге жагынабыз. Аларга жакпай калган кылыгың болсо, өзүңдү өзүң жемелеп, жеп аласың. Ата — энеңдин тилдегени бул жакта калсын. Өзүңдү өзүң тилдегенде баары — жогуң камчы мн шилигендей зыркырап кетет. Ата — энеңдин жылмайуусу, далыңдан тапташы дүйнөдөгү болуп көрбөгөндөй чоң баа. Дердейип, шерденип, өзүңдөн баш тартып, каалооңду тебелеп — тепсеп, мендигиңди жоготуп туруп, ата — энеңдин каалоосун аткарасың. Алар дагы учурунда ошентишкен. Балдарыңды да ошондой тарбиялайсың. Турмуш курганда жолдошуңдун же аялыңдын каалоосу алдыга чыга баштайт. Эки кончуңду бир тапичкеге тыгып туруп, өмүр бою кысынып, кысылып, кыялыңды көмүп, канатыңды кыркып туруп жашайсың! Кыркпай эле көрчү! А кокус учуп кетсең, чокой мн чокуга жейсиң да. Кошуналар, туугандар учуп кетиптир, желпинип калыптыр дебейби! Бүтүндөй эл эмне дейт, ботом?! «Эл эмне дейт», бирөөнүн туура эмес көзү, кыйыта айткан сөзү ок бизге! Эмне мынча башкалардын сөзүнө теригип, миң тирилип, миң өлүп беребиз? Өзүбүзгө баа төмөн анткени. Өзүңдү барктап, бааңды бийик коюп, сүйө баштаганда өзгө мн ишиң да жок болот. Ошол жок бизде. Тыйылып, кысынып, эрежеге сыйып жүрүп көндүм адатка айланып калган. Билинбей деле калган өзүбүзгө. Өткөндө баламдын агайы,- Мынча эркин, эрежеге сыйбаган бала көргөн эмесмин!- дейт. Күлдүм. » Энеси Айтбекова болсо, баласы башканы тартмак беле?»- дейм. Балам бир нерсени мага , атасына, энесине, агайына, эжейине ж.б. бирөө үчүн жагыныш үчүн жасоосун каалабайм. Өзүнө жаксын! Ал ырахат алсын. Анын ырахатын көрүп мен жыргайм! Мен эмнеге өзүмчүл болуп, өзүмдүн аткара албаган нерсемди ага жүктөшүм керек? Анын жашоосу башка! Мен да жагынгым келбей калды! Муну түшүнгөнүмө жарым жыл боло элек. Сүйгүңөр келсе, мүнөзүмдүн кемтиги, жан дүйнөмдүн аксагы, жүрөгүмдүн жыртыгы менен кошо сүйгүлө! Ушунча жыл чынжырда жашоо, бирөөнүн көңүлүнөн көз каранды болуу кыйын экен . Ар бир демиң үчүн уруксаат алып, кирпигинин ирмелишинен аба ырайын түзгөн азап»,-деп жазды Айтбекова.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу