Назик: «Атамдай болгон кишиге турмушка чыгууну эңсегем. Бирок…»

Жүрөгүмдү өйүп, жан дүйнөмө тынчтык бербеген сырымды сиздер менен бөлүшүүнү эп көрдүм. Ооба, аз да болсо өзүм да жеңилдеп калат эмесминби… “Сулуулар — бактысыз болот” деген чын белем, гүлдөй келбетим күйүп түшүп күл болду. Анда баары башынан болсун.

Мектепти аяктаган соң эл катары борбор калаабыз болгон Бишкекке келип, чоң окуу жайлардын бирине тапшырып калдым. Мактангыдай болбоюн, бирок чын-чынына келгенде өң түспөлүмдө эч кандай өөнү жок чырайы келишкен жан элем. Айдай сулуу келбетиме өңгөлөрдү кой, өзүм кошо суктанчу элем. Канчалаган жигиттер артыман калбай чуркашты. Анын бирин жаштык кылып теңиме албай, “Шалбыраган түрү сууктардын мага эмне кереги бар, өзүмө татыктуусун издеп табам” деп, бекер эле жердегини көктөн издеген экем. Мен анда тандап жүрүп таска жолугаарымды кайдан билдим. “Тилди бош койсо, тишти сындырат” дегендей, убагында кесир сүйлөп, кийин башыма таш болуп тийээрин билсем кана?!. Ошондой өз көйнөгүм өзүмө батпай, чытырап көөп турган күндөрүмдө жашы элүүлөргө чамалап калган адамга тушуктум. Ансыз да акчага муктаж болуп турган жаным жаштыгым менен аны шап кармоону чечтим.

Ал убак жаз айларынын бири эле. Тойду күздүн ноябрь айына баса белгиледик. Ошентип Арстанбек мени ак никелүү жубайы кылып алмак болду. Айылга барып, ал түгүл сөйкө салып энчилеп алды. Биз барганда апамдын буркурап боздоп ыйлаганы ай! “Тең — теңи менен, тезек — кабы менен болгону жакшы эле го. Жеңил ойлуу белең, кеп байлыкта эмес го, кызым” деп апамдын зарлаганы алиги күнгө чейин кулагымда жаңырганы жаңырган.

Күздө боло турган тойго дейре өзүм жашап жаткан батирде кала берүүмдү чечтим. Ошол күндөрдүн биринде жакын курбум Элгизанын өздүк майрамын куттуктоого бармай болдум. Майрамга кечигип барган элем. Курбумдун үйүндө менден да башка коноктору бар экен. Келип эле курбумду куттуктап болуп, төрдөн орун алдым. Жакын олтурган жигиттин ойлуу кирпиктери мени өзүнө тарта ойлонто берди. Анын кызыл, калың эриндери, кырдач мурун, карагат көздөрү, кара тору келбети ого бетер мени арбаганы арбаган. Эмне болуп жатканын өзүм да түк түшүнө бербедим. Ойлодум, “Балким, чындап эле мага сүйүү келген чыгаар?..”. Кайра өзүмдү, “Жок-жок, бул жөн гана жактыруу” деп сооротом. Көрсө, ошол жактыруудан сүйүү келип чыгат тура…

Ал мени бир саамда тигиле теше тиктей карады. Уяла түшүп, жүзүмдү анын көздөрүнөн ала качтым. Кантейин анан, сүрдөй түшпөдүмбү. Акыры ал сөз баштап, таанышып да калдык. Бакыт — атына заты төп келген жигит экен. Ары тамашакөй, ким болбосун тилин таап кеткен шайыр жигитти бир көрүүдө жактырып калдым. Эч бир жанга баш бербеген жаным, анын алдында өмүр өткөн чакка чейин баш ийип, аны бактылуу кылууга даяр элем. Ырас, бул жолкусунда дагы сулуулугумдун пайдасы тийди. Ал тигиле караган сайын ого бетер суктанта ажарымды чача бердим. Ал түгүл бийге да аны менен бирге түшүп, ого бетер ага карай өзүмдү ыктап аттым. Суроо берсе, аптыгып барып, жооп узатып коём. Майрамдан соң темир тулпары менен үйгө чейин жеткирип да келди. Жылуу каректери менен кош айтышып, чөнтөк телефонумдун номурун алып, андан соң узай берди. Үйгө оюмда эч нерсе жок көңүлдүү кирип келдим.

Ошентип биз күн сайын жолуга баштадык. Муну Арстанбек билген да жок. Эгер билсе тойду эртелетип, эчак эле күздө болчу тойдун келишимин бузмак эле. А, Арстанбек тууралуу Бакытка эч нерсе дей албадым. Тек гана ичимен эзилип жүрө бердим. Эгер айта турган болсом бир жолун ойлоп табаар беле, же менден түбөлүккө кол үзүп кетип калаар беле, эч билбедим. Анын үстүнө Бакыттан айрылып калуудан өтө корктум. Акыркы ушул күндөрүм оорлогондон оорлой баштады. Тойго төрт ай гана калды. Арстанбек мени тойго даярдана баштоомду буйруду. Жакында балдарына мени эне катары тааныштыра тургандыгын айтып кетти. Мына ушу азап дей бер… Кызык, Арстанбектен менин жашым бир топ эле кичүү болгондуктан, анын балдары мени кандай кабыл алаары эми гана ойлондура баштады. А анын балдары менден да улуу болсочу?!. Анда эмне кылам? Алар мени эне катары кабыл алаар бекен, же ыраматылык энесинин ордун басуумду каалашпайбы? Мына так ушул суроо жүрөгүмдү өйүтө берди. Баягы мен-менсинген жаным —  байкуштун кейпин кийе түштү.

Бакыт менен жолугуп, шаардын четине бардык. Кечки Бишкекти тоо үстүнөн караган мага жагаар эле. Аркы беркиден кеп козгоп отуруп, ага мен жакынкы аралыкты башка бир адамга турмушка чыгаарымды айттым. Эртең анын үй-бүлөсү менен таанышаарымды да билдирдим. Бирок, болочоктогу жолдошум өз атаман да улуу адам экенин айта албадым. Тек гана боздоп ыйлай бердим. Ал мени өз кучагына батыра кучактай, “Баары жакшы болот” деп чачыман сылай берди.

Заманың кургур, ушундай ойго келбес күндөр да болот экен да. Колуман келе турган болсо секунд, мүнөт, саатын артка түрүп,  жашоомдун барактарында жазылып калган бул тагдырымды таптакыр өчүрүп салып, кайра баштан жазаар элем.

Ошентип, Бакыт мени үйгө да алып келди. Унаанын эшигин секин ачып түшөөрдө Бакыт билектен алып имере өзүнө тартып, дирилдей түшкөн эриндеримден соруп жиберди. Күтүүсүздөн  болуп кеткендиктен, көздөрүмдү тостойткон бойдон нес болуп катып кала бердим. Бир топтон кийин барып алыстай ордуна олтуруп калды. Эшикти акырын ачып, үнсүз басып кете бердим. Ошол кезде жүрөгүм жарылчудай дүкүлдөп, башка бир ааламга түшүп калгандай өзүмдү таппай турдум. Үйгө кирип эле керебетке кулап түштүм. Таң сүрүлгөнчө уктай албай кыйнала бердим. Жатсам, турсам оюман кетпей кыйнай берди. Эх, кеч болгон соң кайдан келип жолукту, билбейм…

Эгер Арстанбектен баш тартсам, анда ал өчүн менден да, ата-энем, бир туугандарымдан да чыгармак эле. Ошо себеп, андан баш тартуудан корктум. Буга макул болгон, бир гана байлыкты бакыт деп билген өзүм күнөөлүмүн. Көрсө, бакыт деген башка нерсе турбайбы…

Соолуп жатканымда Арстанбек кудуңдап кирип келди. Шаштырып мени алып жөнөдү. Ооба, жогоруда айткандай эле балдары менен тааныштырмак.  Менден улуу эки эркек, бир кыздуу экен. Жолдон тынчтана албай туйлап, бир нерсени сезгендей жүрөгүм бир болк деп алды.

Ошентип, бир кафеге келип токтодук. Башымды салып, Арстанбектин жетегинде бара жаттым. Бир кезде “Башыңды  көтөр, садагам, булар менин балдарым, эми сенин да балдарың” деп жылуу сүйлөдү. Башымды өйдө көтөрүп караганымда, көзүмө Бакыт илинип өттү. Жанында иниси менен карындашы турган экен. Көрүп турган көзүмө ишенбей, нес болуп туруп калдым…

Арстанбек өкүмдүү сүйлөп, балдарына, “Энеңер менен учурашкыла” деп буйрук берди. Мен сүйлөөргө сөз таппай, акылымды жоготуп турганымда Бакыт мени колдон жетелеп, эшикти көздөй жөнөдү. Арстанбек эмне болуп жатканын түшүнбөй артыбыздан чуркап чыкканда, биз темир тулпар менен зуулдап, кайдадыр бир жакка бара жаттык.

Тегереги бакка курчалган бир көлмөнүн жээгине келип токтодук. Экөөбүз тең темир тулпардан түшүп, жээкке келип олтурдук. Менин көз жашым али да басыла элек эле.

Алтын түскө боёлгон бак-дарактар, мемиреген тынч көлмө, муздак урган жел ого бетер өксүтүп, жан дүйнөмө тополоң салып, жүрөгүмдү аңтарып турду. “Адамдын өзү кандай болсо, анын сүйгөнү да ошондой” дегендей, мен улгайган Арстанбекти эмес, анын уулун сүйөөрүмдү бир көргөндө сезген элем. “Пайдасыз өмүр – тирүүнүн өлүгү” экенине дагы бир жолу ынандым.

Үн, сөзсүз олтурганыбызда ал аңгыча болбой Арстанбек жетип келди. Ата-бала бирин-бири жек көрө карап турду. “Эмне болуп кетээр экен?” дегенсип шамал айда бир шуулдап, бак-дарактар термеле баштады. Экөөнүн ортосуна келип турдум да ыйлап жатып сүйлөй бердим.

— Кечириңиз, Арстанбек мырза, мен сизди эмес, сиздин байлыгыңызды сүйгөм. Жеңил ойлуулук кылдым окшойт. Али да кеч эмес, менин сиздин уулуңуздан эки айлык боюмда бар. Эми мени эмне кылсаңыз да өзүңүз билесиз. Бакыт сиздин уулуңуз экендигин бүгүн гана билдим. Бакыт экөөбүз көптөн бери сүйлөшөбүз…

Арстанбек алдастай унаасына секин жетип барып, айдап кетти. Бакыт менин жалган сөздөрүмө ыңгайсыз боло түштү. Үндөбөстөн үйгө алып келип таштап койду. Бир жумага жетпей эжемдин сунушу менен Москвага келдим. Бирок, Бакытты унута албай кыйналып жүрөм. “Сүйүүдөн бүткөн дарт — өлтүрбөгөнү менен эч убакта айыккыс жара” экенине көзүм жетти. Коштошоордо анын берген катын окуй элек элем, бүгүн гана ачып окудум. Анда мындай деп жазылуу экен:

“Айым, көздөрүңөн сенин! Ошол карагаттай көздөрүңө туруштук бере албайм. Менин биринчи жана акыркы сүйүүм бир гана сен экениңди билип кой! Мен сенсиз жок болуп кетем!

Билип кой, жаным, кучагымда ким болбосун, жүрөгүм сен деп согоорун, оюм бир гана сенде болоорун… Сен дегенде үзүлүп түшөөрүмдү бил. Сенсиз жашоомду элестете албайм! Жообуңду үч жылга чейин күтөм. Мага турмушка чыкчы?!.”

Мен бул окуядан кийин эмне деп жооп узатаарымды билбей турам… Эмне кылам?..



Сиздин пикир