Москвада Аскар Акаев жазган китеп жарык көрдү

Кыргызстандын туңгуч президенти, март ынклабынан кийин Орусияга качкан Аскар Акаевдин «Санарип экономиканын доорундагы жаңы жолдогу Кыргызстан» («Кыргызстан в эпоху цифровой экономики на новом шелковом пути» — ред.) деген аталыштагы китеби жарык көрдү. Китептин экинчи автору Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева экени да белгилүү.

Китептин бет ачарына Москвадагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана диаспора өкүлдөрү чакырылган.

Китепте Кыргызстанга алдыдагы 10 жылдын ичинде өнүгүүнүн кандай стратегиясы керектиги жөнүндө ой-толгоолор камтылып, «Билим берүү жана өндүрүш жаатында 21-кылымдын талаптарына жооп бере ала турган экономиканы түзүүгө кандай аракеттер керек?» деген суроолор узатылган.

Китепти орусиялык URSS басылмасы 2019-жылдын январь айында басып чыгарды.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу