Кундуз Жолдубаева: “Атамбаевди камаганга бийликтин духу жетпейт…”

– Кундуз айым, 8-июнда «Форумда» өткөн митингде Алмазбек Атамбаев бийликке карата бир топ айыптоолорун айтып, элди ойгонууга чакырды. Өлкөдө абал оң жагына өзгөрбөсө, «Сооронбай, кет!» деп чыга турганын билдирди. Мага бул көрүнүш 2010-жылга чейинки Бакиев бийлигине каршы аттангандагыдай, төңкөрүшкө даярдангандай сезилип атат… Кандай дейсиз, тарых кайталанабы?

– Аслан мырза, ошол 2009-жылдагы кырдаалды, ошондогу элдин маанайын сиз жакшы билсеңиз керек, саясатта, болгондо да оппозициянын катарында жүрдүңүз дегендей. Эгер сизде ушундай ойлор пайда болуп жатса, анда балким, бийлик чынында эле ойлоно турчу кырдаалды түзгөндүр… Мен сиз менен болгон буга чейинки маектеримде да «революцияны бийлик өзү кылат» деп айтып келгем. «Бийлик элди ошол кырдаалга өзү жеткирет» дегем. Ал эми биздиң иш-аракеттерибиз мыйзам чегинде гана болот. Митингде кабыл алынган резолюцияда жүйөлүү талаптар гана айтылды. Чындыгында коомчулук күбө болуп жатпайбы, укук коргоо органдары өз ишинде аша чаап кетип жатат. Адам укугу деген түшүнүктү жокко чыгарып салгандай эле кырдаал жаралды. Бул абдан кооптуу жагдай. Минтип отурсак, эртең мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетип, кайра кайткыс чекке бат эле жетип калышыбыз мүмкүн. Бул Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучу. Албетге, айрымдарга экс-президент тарабынан айтылган сын пикирлер жеке таарыныч катары көрүнүп жатса керек, бирок учурда «Форум» гана бийликке ачуу чындыкты бетке айтып, саясый күрөштү жүргүзүп жатат. Келиңиз, элестетип көрөлүчү, эртең өлкөдө оппозиция жок болсо, анда Кыргызстанды кандай тагдыр күтүп турат? Өлкөдө тең салмактуулукту сактап туруу үчүн оппозиция сөзсүз керек. Бийлик элдин үнүн таптакыр укпай, тоготпой калган күн келсе, анда Кыргызстанды «демократиялуу, эркин мамлекет» деп атоого абдан эле кыйын болуп калат.

– Эгер Атамбаев камакка алынса, кандай кадамдарга барасыздар? Азырынча бийлик тарабынан ушундай аракеттер көрүлүп атканын байкап атабыз да…

– Атамбаевди камай алышпайт. Ага негиз да жок, бийликтин духу да жетпейт. Эгер бийлик андай радикалдуу кадамдарга бара турган болсо, өзү кыйроого учурай турган күндү жакындатат. Бул орусча айтканда, «начало конца» деген болот. Албетте, бизге жеткен маалыматтарга караганда, президенттин айланасындагы айрым топтор ажону ушундай жол менен кетүүгө үндөп жатышат. Ошол эле учурда башка бир топтор мындай кадамдардын кесепети бийликтин өзү үчүн жаман болорун айтышууда. Атамбаев жөн-жай жүргөн катардагы адам эмес, экс-президент деген макамы бар. Жаманбы-жакшыбы, ал өлкөнү алты жыл башкарып, буга чейин бир да президент кылбаган ири долбоорлорду ишке ашырды, өлкөгө колунан келишинче иштеп берди. Анан эле ал кишини алып барып камап койгудай, биз колхоздун койлору эмеспиз да. Ошондуктан, бийлик экс-президент менен тирешүүнү токтотуп, кылып жаткан ишинен, барып жаткан кадамдарынан жыйынтык чыгарышы керек.

– Сиз баштаган медиа чабуулчулар бийликти маалыматтык согуштан утуп атканын эксперттер айтышууда. Бул дагы чек болбосо керек, дагы кандай компроматтарды чыгарасыздар?

– Биздин таянганыбыз компромат эмес, чындык, ал кайсы тарапта болсо, утуш да ошол жакта. Экинчиден, компроматты чыгарчу биз эмес. Андайлар Акүйдүн өзүнөн чыгып кетип жатат го… Президенттин айланасында мен жогоруда айтып өткөн ар кыл топтор, «бозмолтой кардиналдар» бар. Тымызын кармашуу мына ошолордун ортосунда болуп жаткандай таасир калтырат. «Бир ок менен эки коёнду атып алуу» тактикасын колдонууга аракет кылып жатышат.

Мисалы, «Азаттыктын» чуулгандуу иликтөөсүн да «Форумга», тагыраак айтканда, жеке мага жабыштырышты. Банктык которуулар туурасындагы маалыматты атайын кызматтар же органдар гана бербесе, ал «Форумдун» же менин колумдан келе турган иш эмес.

– КСДПнын мындан аркы тагдыры кандай болчудай? Коомчулук муну азырынча түшүнбөй турат. Эки КСДП иш-аракеттерин улантууда. Кайсы тарабы мыйзамдуу? Саясый талаада юридикалык жагынан такташууларга чекит коюлабы?

– 7-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы берген аныктамасында «Сагынбек Абдрахманов мыйзамдуу шайланган КСДПнын төрагасы» деп жазылып жүрөт. Муну кандайча түшүнсө болот? Судья мындай аныктаманы эмненин негизинде берип жатат? Же соттук териштирүү болбосо, документтер, мөөр баары бизде турса. Демек, анын «Сагынды мыйзамдуу шайланган» деп таанып жатышы – ал жогору жактан түшкөн буйрукту аткарып жатканын түшүнүү керек. Биздин партия атайын тартип комиссиясына кайрылат. Судьянын мыйзамсыз иш-аракеттерине баа берилип, сөзсүз чара көрүлүшү керек. Бир сөз менен айтканда, КСДПны саясый рейдерлик жолу менен тартып алууга бийликтин баардык бутактары колкабыш кылууда. Бирок аларга эртедир-кечтир мыйзамды таман астына тепсегендери, саясый буюртманы аткаргандыгы үчүн жооп берүүгө туура келет. Анткени алар бир адамга же бир ууч топко эмес, элге, коомго кызмат кылуу үчүн коюлганын эстерине сала кетким келет.

– Атамбаевди сатпагандар камалып, айрымдары суракка алынып келатат. Сизди да чукулап, кысымга алгандар болуп атабы?

– Мага карата «психологиялык басым» деп коюшат эмеспи, ошондой аракеттер болуп жатат. Аңдууларды атайылап «сенин ар бир кадамың бизге белгилүү» деген мааниде жасап жатышканын билип эле турам. Жадагалса мен туулуп өскөн Ак-Талаа районунун Баетов айылына чейин барып, маалымат чогултуп келишиптир. Аны мага өздүк булактар айтышты. Жакында эле шантаж кылып, туугандарды да ортого салып көрүштү. Бул, албетте, туура эмес, «саксактап кайтарып» жүргөндөргө менин айтаарым бул: өзүңөрдүн ыплас оюндарыңарга менин жакындарымды, тууган, дос, жоро-жолдошторумду аралаштырбагыла! Алар менен болгон ортодогу мамилени бузбагыла. Мындай аракеттер менин позициямды өзгөрткөнгө баары бир таасирин тийгизе албайт. Менин болгон-турган кыялым ушундай – бир айтсам, андан артка кайтпайм.

Жаш саясаятчы катары менин так миссиям бар – бул Кыргызстанда системанын реформасын ишке ашыруу. Чириген сис-еманы ким түп-тамырынан өзгөртө алат? Муну ошол системанын «жыргалын татып», үзүрүн көрбөгөн жаңы муун гана ишке ашыра алат. Ошондуктан алдыга койгон максатка умтулган жолдо мен учурда оппозициянын катарында такшалып жатам десем болот.

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу