Ишкер Тилек Токтогазиев: «Бир түндө 10 миллион сомго банкрот болгом…»

Тилек Токтогазиев деген ысым буга чейин жаш ишкер катары белгилүү болсо да ал көпчүлүктүн көңүлүн Айыл чарба министри болууга өзүнүн талапкерлигин сунуштоо менен бурду.Баарын нөлдөн баштап, иш тажрыйбасында бир нече жолу банкрот болуп кайра бутуна турган 28 жаштагы ишкер Тилек Токтогазиевдин жашоосу көпчүлүккө дем берчүдөй.

-Тилек, кандай үй-бүлөдө чоңойдуң эле? 
-Атам инженер, апам үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенет. Эки эжем, бир иним бар.1990-жылы мен төрөлгөн жылы апамдар карапайым эл менен кошо катуу кыйналышыптыр.Бизди багам деп ата-энем жумуштун түрүн иштеген.Ошондо да көр тирилик менен алышып эле тим болбой, биздин тарбиябызга кылдат көңүл бурду.Эсимде, бала кезимде атаман: “Эмнеге кичинекей балдар колго суу куят?”,- деп сураганымда атам: “Кичинесинен элден бата алып, ошону менен агарып-көгөрүп жашасын деп”,- деген эле.Ошондо мен элдин батасын алуу канчалык маанилүү экенин түшүнгөм.Баарыбыз эмгекке бышып чоңойдук.Ошол эле учурда жакшы окудук.Мен борбордогу №9 математикага басым жасаган мектепти алтын сертификат менен аяктагам.Кийин өз күчүм менен Кыргыз-Орус Славян университетине бюджетке өтүп дипломат болуп чыктым.

-Анан ишкерликти кантип баштап калдың?Эмне түрткү болду?
-Негизи мен окуу жайды бүтүп дипломат болом, элчиликке жакшы кызматка орношом деп ойлоп жүрчүмүн.Бирок жогорку окуу жайга тапшырган эле жылы бир кызды сүйүп калдым.Ал сезим менин жашоомду түп тамырынан бери өзгөрттү.Студент болдуң деп ата-энем мага жумасына 500 сом берип турушчу.Аны жолума, майда керектөөлөрүмө жеткирчүмүн.Бирок тиги кыз менен таанышып, аны киного же кафеге алып барганга тыйыным жок эле.Эгер сен адамга керектүү шартты түзүп бере албасаң, түзүп бере турган адамга жол бошотушуң керек.Болбосо ал адам үчүн аракет кылып бутка турушуң керек деген ойдо болдум. 2009-жылы 1-курсту бүткөндөн кийин досума “өз ишибизди ачалы” деген сунуш киргиздим.Экөөбүз бизнес-план түзүп, жыгачтан күркө жасап кычкыл коктейль сатып иштей баштадык.Элге жакшы сиңе элек нерсе болгондуктан өтпөй, күркөбүздү түн ичинде уурулар талкалап банкрот болуп калдык.Ата-энемдин “контакттык негиздеги окууга өтүп калсаң төлөйбүз” деп мен үчүн чогулткан 30 миң сому бар болчу.▶️Мен болсо бюджетке өтүп кеттим да. Ошол акчаны жандарын койбой атып алып кеттим. Анан элге эмне керек деген суроого жооп издедим. Сураштырып көрсөм, ашказанга бара турган тамак же суюктук керек экен. Ошондо коктейлди сүт менен аралаштырып жасап сата баштадык. Бул ишибиз жакшы жүрүшүп, чөнтөгүбүзгө акча толо баштады. Мен окуган жайда жалаң байдын балдары окучу да. Алар менен тең тайлашып тапкан акчамды чачып жыргагым келчү. Бирок акыл калчап “буга чейин 500 сомду жеткирип келчү белең? Мындан ары да жеткиресиң” деп өзүмө талап коюп, коктейлден түшкөн өз энчимди чогулттум.

-Кофе ичүүчү бул жайды ошол чогулткан акчаңа ачтыңбы?
-Негизи мен кофеге мектепте окуп жүргөндө эле кызыкчумун. Эсимде, досум экөөбүз 11-класста жол киреге деген акчабызды үнөмдөп чогултуп отуруп кафеге кирип 150 сомго кофе алып ичкенбиз. Ошондо мен кофейня ачууну кыялдангам. Коктейль саткан тармактар шаардын ар кайсы бурчуна ачылып бутубузга тура баштадык. Бирок кофе ичүүчү жай үчүн 17 миң доллардын тегерегинде акча керек болчу. А биздин кирешебиз ага жетпейт. Ошондо ата-энеме жашап жаткан үйдү күрөөгө коюп акча алалы, иш баштайм десем чалкасынан кетишти. Бирок аягында макул кылдым. Колго тийген акчага дароо эле керектүү эмерек, кофе-машина, идиш алып 2011-жылы декабрь айында досум экөөбүз жайды иштетип баштадык. Апамдардын ишеничин актап насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп бергем.

-Кофе, коктейлден кандайча күнөсканага өтүп кеттиң?
-4-курста окуп жүргөндө мугалимдерден, жеке ишкерлерден, студенттерден түзүлгөн команда бар болчу. Милдетибиз — карапайым элге бизнестин сырларын үйрөтүү болчу. Жаңы конуштарда короосунун жарымын отоо чөп басып жаткан үйлөр көп экен. Бизге ишкерлер үйрөткөн ыкма менен алгач 5 үй-бүлөгө бекер күнөскана куруп бердик. Андан кийин айыл жергесине чыга баштадык. Ошентип тажрыйба топтоп отуруп эки жылдан кийин өзүм үчүн 3 миң чарчы метрлик 2 күнөскана кургам. Бир жылы аны жылытыш көйгөй жаратса, экинчи жылы курт-кумурска басып кетип түшүм ала албай калдым. 2016-жылы октябрь айында аба ырайы кескин өзгөрүп суук түшүп аткан. Ошол күн бүгүнкүдөй эсимде. Үшүк жүрөт деп аткан. Биз генератор алып даярдандык. Ойлогондой эле свет күйүп-өчүп атты.Биз жарык күйгөндө генераторду өчүрүп, свет өчкөндө туташтырып атып акыры генератор да күйүп кетти. Бадыраңдын теңинен көбү үшүп, бир түндө 10 миллион сомго банкрот болдум. Анда да кыйынчылыкка моюн сунбай жок дегенде калган өсүмдүктөрдү сактап калайын деп көмүр түшүрүп күнөскананы от менен жылыткан учурлар болду.

-Адатта банкрот болгон ишкер өзүн таштап салчу эле. Кыйынчылыкты кантип жеңдиң?
-Аябай оор болду. Ал кезде уулум экиге чыккан, экинчи наристебиз 8 айлык түйүлдүк эле. Кош бойлуу келинчегимдин көзүнө карай албай кыйналдым. Банкрот болгонумду айтып, жашап аткан үйүбүздү саталы дедим. Саттык, батирге чыктык. Калган өсүмдүктөрдү сактап калуу үчүн чет мамлекеттен кымбат дарыга буйрутма бердим. Күнүнө 3 тонна көмүр жагып, айына отунга эле 300 миң сом жумшап аттым. Айтор үч ай алыштым. Акырында жумушчуларга айлык төлөй албай, өсүмдүктөрдү сактай албай калганымды мойнума алып жаным тынып отуруп калдым. Тажрыйбаман бөлөк эч нерсем жок калганда окуучуларды топтоп аларга сабак өтүп иштеп калдым. Ошол эле окуучуларымдын арасынан айлыкка эмес, түшүмдү тең бөлүп иштейли деген сунуштар болду. Ошентип нөлдөн баштап кайра бутуман турдум. Банкрот болгондон кийин башым мурдакыдан да катуу иштеп калды. Азыр күнөсканаларым боз үй формасында. Себеби катуу суук болгондо кийиз менен жаап жылытабыз. Ал жылуу абаны сыртка чыгарбай жакшы кармап турат.

-Ошондо эң башында сени ишкерликке шыктандырган кыз азыр жубайыңбы?
-(Күлүп) Ооба, колума акча кармап өзүмө ишеним пайда болгондо сезимимди билдирип баш кошконбуз. Ал да мени жактырчу экен. Кийин айтып атпайбы: “Бир күнү жакшы эле учурашасың, кийин кайра эле жок болуп кетесиң, тормоз бала экен деп ойлогом”,- деп. А мен акчам жок болуп калганда жанына баргандан уялып жүрчүмүн да. Жубай тандоодо жаңылбаптырмын. Бир уул, бир кызга ата-эне болдук. Азыр компаниямдагы каржы иштеримди көзөмөлдөп жардам берет. Дайыма колдойт. Банкрот болгондо катуу стресс болуп бутум ооруган. Ошондо да моралдык жактан колдоосу күч болду.

-Ишкерлер убакытка, акчага, сөзгө так болушарын билем. Сенде да бул сапаттар болсо керек?
-Албетте. Ишимде кайсы тармак аксап атат же кирешени жакшы алып келип атканын так анализдеп турам.Жумушта ар бир тыйындын эсебин алып турам. Ансыз жумуш болбойт. Жумушум көп болсо ар бир мүнөтүмдү пландайм. Биринчи кезекте киреше алып келе турган жумуштарды бүтүрөм. Андан кийин гана ырахат тартуулай турган иштерге убакыт бөлөм. Сөзүмө болушунча такмын, жоопкерчиликтүүмүн. Адам болгондон кийин ар кандай кырдаал болуп калат. Телефон чалса албай, качкан адамдардан эмесмин. Канчалык оор кырдаал болбосун тушүндүргөнгө аракет кылам.

-Акча маселесине кандайсыз?
-Баладан баштай турган болсок, мисалы 100 пайдасыз оюнчукка караганда кымбат болсо да баланын аң-сезимин өстүрө турган 1 оюнчук алып бергенди туура көрөм. Сапатка көңүл бурам. Ашыкча шапар тээп тойлорго барбайм. Унаам деле бар, бирок аны кеңсеге айдап келип эртеден кечке токтоп турганда ал киреше алып келбейт. Андан көрө өзүм жөө жүрүп, ал унааны жумушчуларга берип койсом жумуш бүтөт, унаа пайдалуу ишке жарайт. Ушундай ой жүгүрткөн адаммын.

-Карапайым элден жакшы колдоо таптың эле. Айыл чарба министринин орун басарлыгына эмнеге барбай койдуң?
-Эгер мени министр кылып, жоопкерчилик менен кошо жүз пайыз эркиндик беришкенде, мен бул тармакка реформа киргизмекмин. Эгер киргизе албасам жазасын тартууга да даяр элем. Балык башынан сасыйт да. Биринчи баш жакшы болуш керек. Азыркы министрди мен жакшы баш деп айта албайм. Ал эми жакшы эмес баштын буту же колу болгум келген жок. Эгер ошол адамдын ордуна чыныгы кесипкөй адам келгенде мен анын орун басары эмес, катардагы кызматкери болуп деле иштеп бермекмин. Министр болууну дымагым үчүн эмес, элиме кызмат кылуу үчүн максат кылгам.

-Бадыраң өстүргөн бала кантип бүт айыл чарбаны алып кетсин деген сындарга кандай жооп берет элең?
-Бул караңгы түшүнүк. Мен баштаган ишимди аягына чейин майын чыгара жасаганды жактырам. Бадыраң өстүрүп атып помидорго же кулпунайга өтүп кетпейм. Эгер мага бир адам күнөскананы, балык бакканды, мал чарбаны, бал тартууну бүт билем десе анда ага “популист адам экенсиң” демекмин. Анткени бүт тармакты беш колдой билген адам жок. Ооба, мен күнөскана тармагын мыкты билем.

БУЛАК: Леди.кж 



Сиздин пикир