Искак Масалиев : Президентти бир нерсеге аралаштыргылары келген сыяктуу

Депутаттын айтымына караганда Өмүрбек Текебаевдин боштондугу үчүн күрөшүү “модага” айланды. Ошондуктан көптөгөн саясатчылар бул нерсе менен “кызыл кулактык” кылууда. Жогорудагыдай пикири менен Vesti.kg сайтына ЖКнын депутаты Исках Масалиев бөлүштү.

— “Эгерде анын мааракесин майрамдоого кимдер келгенине көз салсак, анда алардын көбү мурда аны менен такыр эле “жылдызы келишпеген” саясатчылар экенине күбө болобуз”- деди парламентарий. Албетте, адам түрмөдө отурганда аны колдош керек. Бирок, саясатчы үчүн бул такыр эле башка кеп. Мен аны менен сүйлөштүм. Текебаев ырайым алуудан баш тартууда. Анткени ал өзүнүн күнөөсүн моюндаган жок. Мурда “ырайым бериле турган адам ырайым берүү боюнча өзү кылганына өкүнүп кечирим берүүсүн өтүнүп кайрылыш керек”- деген норма бар болчу. Кийинчерээк бул норма түшүнүксүз болуп калды. Анда “кечирим үчүн эрежеге ылайык соттолгон адам кайрылыш керек”- деп белгиленген.
Искак Абсаматович президенттин алдындагы комиссия мыйзамга өзүм билемдик менен түшүндүрмө бербеши керек эле деген оюн кошумчалады.

“Бирок, иш жүзүндө соттолгон адамдан тышкары дагы ким ырайым суроого акысы бар экени мыйзамда так жазылган эмес” – деп түшүндүрдү.
Мен амнистия боюнча жаңы мыйзам иштеп чыктым. Ал жерде ырайым кылууну акыйкатчы да сураса болот деп көрсөтүлгөн. Бирок, документти али кабыл алыша элек. Менимче Роза Отунбаеванын ырайым суроо боюнча ыкмасы, башынан эле чийки жана саясатташкан болгон. Президентке, “соттор туура эмес кылган, Текебаев баары бир ак”- дегенди кабыл алуусун таңуулашты. Ушундан улам, президентти бир нерсеге аралаштыргылары келген сыяктуу.

Белгилей кетсек, өткөөл мезгилдин экс президенти Роза Отунбаева “президенттин аппаратынын Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча суранычын кароодон баш тартуусу, катардагы эле башка бирөөлөргө түртө салуу”- деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирген.
“Бул бюрократиялык шылтай салуу”- деп аталат. Мен мурдагы экс президент катары, парламент толук бойдон, алты фракциянын жетекчилери, саясий институттардын башчылары кол койгонбуз. Алар сунуштамамды колдошту. Бирок бир бюрократ “бир кагаз жетпейт”- деп жооп берди. Ал мыйзамды ушундайынан көрөт экен. Биздин маселебизди саясий контексттен караш керек” – деп түшүндүрдү.

Отунбаева, “парламент баары бир бул маселени караш керек”- деп талап кылууда. Эске сала кетсек, мурдараак Vesti.kg сайтына Роза Отунбаева Текебаевге ырайым кылуу боюнча президентке кайрылганы кабарланган. Анын демилгесин Жогорку Кеңештин фракцияларынын баардык лидерлер колдошкон.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу