Бетти тартылыштыруучу маска…

Бул масканы таң эртең менен жасап, кечкисин колдонсоңуз болот. Ал үчүн бир чай кашык зыгыр уругун стаканга салып, анын үчтөн бир бөлүгүн кайнак сууну куюп, жакшылап аралаштырасыз. Аралаштырган соң үстүн жаап, кечке чейин коюп коёсуз.

Кечинде даяр масканы бетиңизге жана моюн тарабыңызга сүйкөйсүз. Качан ал кургаганда, үстүнөн дагы сүйкөйсүз. Ошентип ал процедураны беш ирет жасоо керек. Процедура учурунда сүйлөбөгөнгө жана күлбөгөнгө аракет жасаңыз.

Бул ыкманы жок дегенде он күн аткаруу керек. Мына ошондо бетиңиздин сонун болуп, тартылышып калганын байкай аласыз.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу