Батукаевди эркиндикке чыгарган Эрматов иштен эми бошоду

Президент кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовду кызматынан убактылуу четтетти.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бул тууралуу жарлыгында «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу жана Башкы прокурорго жазык жообуна тартуу жөнүндө макулдук берилгенине байланыштуу Нарын облусунун район аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жапар Эрматов жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилгени» айтылат.

Эрматов 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 22-августка чейин камакка алынган.

Булак: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу