Аэлина: «Мурунку күйөөм мага ойнош болуп кайтып келди…»

Баары убактылуу. Эч нерсе туруктуу эмес. Бүгүнкү бактысыздык да, бактылуулук да эртең башка бир абалга алмашат, ашат же кемийт, айтор ѳзгѳрѳт.Ѳкүнүчтүүсү адам баласы ушул нерсени унутуп калат да, кайгырса чѳгүп, кубанса кѳѳп кетет.Баары кеч болгон соң «эми башкача жашайм» деген тыянакка келет.Дал ушундай башкача жашоону чечкен Аэлинанын жашоо баянына орун беребиз.
«Жомокко окшогон сүйүү»
Окуумду аяктап диплом алган соң жарым жылдай жумуш издеп жүрүп абройлуу банктардын бирине орноштум. Бул жакта мени жумуштун ырахаты, жакшы маяна эле эмес ѳмүрүмдү аманат кылып ташырчу адам да күтүп жаткан экен.Султан менен таанышуу эч кандай ѳзгѳчѳ болгон жок.Кесиптеш катары олуттуу кол алышып, ишке кириштим. Анын тажрыйбасы менин жаңы жумушка кѳнүшүмѳ чоң салым кошту. Билимине, жеткиликтүү түшүндүрѳ алганына ишенип кѳп жардам сурадым. Бирок бизди бул мамиле эмес анын “джентльмендиги” ынак кылды.Жакшы мамиле, ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу, мээрим менен камкордук кимге жакпасын.Ушундай кооз мамиле менен менин күндѳрүм кѳрктѳнѳ түштү. Күн алыс романтикалуу тамактануу, күн сайын кызыктуу сейил, саат сайын ысык каттар ортобузда тынымсыз каттап калды. Сѳзүбүз бүтпѳйт. Келечегибизди жомок кылып баяндап тажабайбыз. Бирок чыныгы жомок ошол кез болчу экен. Ал эми келечек бизди жыргал эле эмес кайгысы менен кошо тосорун анда аңдабаптырбыз.
“Бакытты арттырган баш кошуу”
Биз жумушка иш үчүн эмес бири-бирибизди кѳрүү, бирге түштѳнүү үчүн барып калдык. Жумуштан кайтуу, узатышып эки багытка кетүү азапка айланып кетти. Сагынышпай ар дайым бирге болуунун жалгыз жолу нике эле. Бирок Султан эмнегедир мен күткѳн сунушту создуктуруп жүрдүп. Мамилебиз бир жылга жакындап калганда кептен кеп уланып отуруп баш кошуу тууралуу андан озунуп айтып калдым.
Сен ушундай тамак жасаганды билесиңби? – деди ал кезектеги тамактануубузда.
— Билем.
— Анда жасап мени коноктобойсуңбу?
— Эч кандай коноктой албайм.Аялың белем сага тамак жасап жүргүдѳй.
— Аялым болбой туруп жасап берсең болбойбу?
— Жок. Аялы болгонго чейин тамагын жасабайм, кирин жуубайм, тилин укпайм деген убадам бар.
— Жаман экен.
— Болдубу?
— Эмне болубу?
— Жаман экенди улантпайсыңбы?Кантип жакшы кылыш керек?
— Билбейм.

— Ой, эмне аңкоолонуп атасың. Жакшы кылыш үчүн мени аял кылып алышың керек.
— Ооба.
— Качан? Чын эле, айтсаң.
— Эми ал оңой иш эмес да. Даярдык керек…
— Анда даярданышыбыз керек.
Кѳп ѳтпѳй даярдана баштадык. Укмуш болбосо да ушундай сонун той берип баш коштук. Жаңы башталган жашоо кандай сонун, баары таза, баары жаңы, баары кызыктуу. Баягыдан бетер бактылуу болуп, телегейибиз тегиз эле.
“Баары бар бирок баркы жок жашоо”
Бардык эле жаш жубайлардай наристе жытын эңсеп, балалуу болууну күтүп баштадык. Тилекке каршы биз чыдамсыздана күткѳн сайын ал бакыт бизден алыстай берди. Удаа үч жолу боюмдан түштү. Кубаныч, аны кууп жеткен кайгы, оорукана, дары-дармектер, анализдер, күтүү. Ушул тизмек катарынан бузулбай айлана берип бизди тажатып жиберди. Мен жанымдын кейигенине ызалансам, Султан жашоосунун убаралуу ѳтүп жатканына ѳкүнүп жүрдү. Ошондо экѳѳбүз кеңешип бир аз убакыт балалуу болуу максатын артка жылдырууну туура таптык. Жетүүгѳ шашкан сайын бизден качкан бул бакытты жѳн коюп ѳзүбүз үчүн жашоого максат койдук. Ошол маалда эбепке-себеп болуп арты артынан акча келип жатты. Жер кыдырып, саякаттарга чыктык. Каалаганыбыздай ээн-эркин жүргѳнүбүз менен мамилебизде бир салкындык пайда болду. Экѳѳбүздүн ээриккенибиз күндѳн күнгѳ күчѳп, андан суурулуп чыгууга аракет кылууну да токтотуп койдук. Илең-салаң жумушка барып келмей, үйгѳ келип телевизор тиктеп отуруп убакыт ѳткѳзмѳй. Ошондой күндѳрдүн биринде жакынкы эле Ысык-Атага бир жумалык эс алууга чыгып келүүнү курбуларым сунуштап калышты. Султанга айтсам каршылыксыз жиберди. Бир жума кѳз ачып жумганча ѳттү, бирок мени күйѳѳмдүн бир да жолу чалып койбогону таң калтырды. Башкалардын али турмуш кура элек жигиттери тынымсыз чалып акыбалдарын сурап жатышса менин күйѳѳмдүн ээн-эркин жиберип, дагы бир ирет кызыгып койбогонуна капа болдум. Кѳрсѳ мен жыргап эс алып жүргѳн маалда, ал менден эки эсе жыргалга батып жүрүптүр. Босогону аттап эле үйдѳгү иретсиздиктен бир шек жаралды, анан чачылган тѳшѳктѳн майда чач кыпчыткычтарды таап алдым. Күйѳѳмдүн бир шуркуяга тѳшѳгүмдү тебелеткени канымды кайнатты. Атырылып, айкырып заматта жиндиге айланып кеткенсидим.Бирок Султан мунун баарын тоготпостук менен кабыл алып ого бетер жанымды кашайтты. Бир далайда “кечирип кой, ушундай болуп калды” деп ооз учунан айтып, теманы жаап койду. Менин күндѳрүм ый менен ѳтѳ баштады. Аны абдан катуу сүйѳрүмдү, кызганарымды ошондо билдим.
“Сени кыйнабайын, менден түңүл”
Мындан кийинки жашообуз баягыдан да супсак болуп кетти. Мен кепти эмнеден баштарымды билбейм, же ал ѳзү үн катып койбойт. Ар нерсени бир чалып сүйлѳшкѳн болобуз, бирок ортобузда эч кандай жылуулук жок. Султан кѳз алдымда ѳзгѳрүп баратты: телефонун менден жашырат, жуунуп-таранат, бирок анысы мен үчүн эмес, эрте кетет, кеч келет, суроолорумду жоопсуз калтырат. Ага ѳчѳшүп мен ѳзүнчѳ убарамын. Бирок аракеттеримдин баары талаага кетип, ал менин ачуумду басмак турсун абалыма кызыгып да койгон жок. Бир күнү кеч келди. Мен жатып алгам. Тѳшѳктүн аягында бир топко үнсүз отурду да “Аэлина, кечире алсаң кечирип кой. Сүйүү биз ойлогондой түбѳлүктүү эмес тура. Аягына чыгат экен. Кыскасы мен эми сени кыйнабайын деп чечтим. Мен жаңы жашоо баштайм. Сен менден түңүл”, — деди. Ошол маалда бир туруп жалынып-жалбаргым келди, бир туруп уруп-согуп, сѳгүп туруп үйдѳн кууп чыккым келди. Бирок бирин да кылууга алым келбей жан дүйнѳм жанчылып солкулдап ыйлап жаттым. Ал чыгып кетти.
“Калган кѳңүл кайра табылган жок”
Мен аны келет деп ойлогом. Мени таштап кеткенине таптакыр ишене алган жокмун. Күн сайын эшиктен кирип келишин күтѳм. Чалууга намысым жол бербеди. Ыйлай берип кѳзүмдүн шишигинен эшикке чыга албай калдым. Билесизби, он күн кандай ѳткѳнүн билбейм, үйдѳ камалып жата берип жинди болгону калдым. Бул абалымды эч кимге кѳрсѳткүм келбеди, ажырашуубузду айтууну намыс кылдым. Бир күнү этек-жеңимди эптеп жыйнадым да денемди сүйрѳп ишке бардым. Султан жумуштан чыгып кеткенин укканда гана экѳѳбүздүн ажырашканыбызга ишенүүгѳ аргасыз болдум. Ал жерде тургум келбей мен да иштен чыгып алдым. Күндѳрүм кандай, эмне менен ѳткѳнүн эстей деле албайм. Айтор жумалар куушуп, айлар айланып, тѳрт жыл ѳтүп кетти. Мен чыйралдым, ыйлабай калдым. Жалгыздыкты кабыл алып, бул темада жакындарым, тааныштарым менен жѳн салды сүйлѳшүүгѳ да кѳндүм. Бир күнү жакшы мамилебиз сакталып калган эски кесиптешим жакшылыгына чакырды. Жакшынакай жасанып алып барып калдым. Той кызуу жүрүп жаткан маалда Султан пайда болду. Кѳрсѳ ал да мейман катары чакырылган экен. Таң калыштуусу мен аны кѳргѳндѳ эч кандай ѳзгѳчѳ сезимде болгон жокмун. Кубанбадым, толкунданбадым. Күтүүсүз жолугушуу аны чочутканын байкадым. Бирок эркек эмеспи, ѳзүн токтоо кармап жаныма келип учурашты. Абалымды абдан сурап, сый кѳрсѳттү. Каршы болгон жокмун. Айланабыздагылардын сын кѳзү да менин тынчымды алган жок, бирок Султан үчүн эң жагымсыз болуп жатканы жүзүнѳн билинип турду. Ал мени узатып келип, ѳзү билип эле үйгѳ мени менен кошоо кирди. Калган мамилебиз сѳзү жок уланып, таңды бирге тостук. Ошол күндѳн бери экѳѳбүз кѳңүлдѳштѳргѳ айландык. Мен анын бир да жолку чакыруусунан баш тарткан жокмун. Башында “балким жашообуз кайра уланат” деген үмүт учкундары жылтылдап барып, биротоло жок болду. Кѳрсѳ менин кѳңүлүм катуу калыптыр. Султандын үзүлүп түшүп карегиме айланган мамилеси жүрѳгүмдү жылыта алган жок. Андай болсо да андан кол үзбѳѳнү максат кылдым. Себеби ал менден кетип никеге турган аялын кѳз алдымда алдап келет. Султан менин жанымда болгон кезде анын телефондо жаңырган ачуулуу үнүнѳн, арты-артынан жазган каттарынан улам кандай азап тартып атканын түшүнѳм. Түшүнгѳн сайын моокумум канат, ага дагы оор, мындан да оор кылгым келет. Султан болсо эми “ажырашканыма абдан ѳкүнѳм. Ага эмнеге азгырылганымды, кантип азгырылып кеткенимди да билбейм. Мен сени гана сүйѳт экенмин. Сени менен гана болгум келет” деп ѳкүнүчүн жашырбай айтчу болду. Бул сѳздѳр деле мени кубандырып жиберген жок. Аны менен кайра жарашууну элестете албай койдум. Канчага чейин уланат билбейм, бирок Султан менен аялына бир кезде ѳзүм сезген азаптын ачуу даамын жакшылап таттырып, жакшылап жалынтарымды билем.

БУЛАК: Леди.кж



Сиздин пикир