АШАнын «апыртмаларынан» же растаможка тарифи тууралуу…

Алмазбек Атамбаев: «Дордойдо растаможка тарифин 1 доллар 30 центтен 3 доллар кылып коюптур. Бул чындыгында абдан жаман нерсе да. Мен муну жакшы билем. Анткени, эгерде сен бир долларды үч доллар кылсаң Кыргызстанга растаможкага ким келет анда? Казакстанга барат да…»

А. Атамбаевдин бул сөзү да караандай эле калп экенин Кыргыз Республикасынын бажы кызматынан алынган расмий жооп көрсөтүп турат: Кыргыз Рсспубликасы Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) киргенге чейин жеке жактар кеңири керектелүүчү товарларды импорттоодо бажылыктар издөөнүн жеңилдетилген тартиби колдонулуп келген. Ал кезде бажы төлөмдөрдүн бирдиктүү чени чынында эле 1 кг үчүн 0,35 АКШ долларын түзгөн. Ким билет, балким, бул чен азыр да өзгөрбөстөн ошол бойдон калмак. Бирок Кыргыз Рсспубликасы ЕАЭБге киргенден тартып (12.08.2015-жыл) ЕАЭБдин талаптарына ылайык кеңири керектелүүчү товарлар ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген бажы алымдарынын чендерине ылайык товарларга декларацияны колдонуу менен таризделет. Азыркы колдонуудагы мыйзаамдарга ылайык үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды ташып кирүүдө бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрү алынат, анын ичинде:

—ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген бажы алымдары — ал товардын бажы наркынан дагы жана физикалык көлөмүнө дагы эсептелет (кг, өлчөөнүн кошумча бирдиги). ЧЫНДЫК КАЙДА:

—Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген КНС (кошумча нарк салыгы) — товардын бажы наркынан эсептелет. Бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн негиз болуп товардын бажы наркы жана (же) физикалык көлөмү эсептелет. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан төмөнкүлөргө контроль жүргүзүлөт:

—товарлардын билдирилген бажы наркына, тактап айтканда, товарлардын бажы наркынын туура аныкталышына жана билдирилишине (товардын бажы наркы жөнүндө маалымдарды документалдык тастыктоо, товардын бажы наркынын түзүмүн жана өлчөмүн, товарлардын бажы наркын аныктоо методун тандоо жана колдонуу);

—товарларга декларацияда билдирилген маалымдардын аныктыгына, анын ичинде товардын кодунун туура аныкталышына, анткени, товардын кодунун туура аныкталышына жараша бажы алымдардын өлчөмү жана түрү тастыкталат. Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө ЕАЭБге, мүчө мамлекеттердин бажы кызматтары чарабынан товарлардын билдирилген бажы наркын контролдоо чараларын күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, бул алынуучу бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө алып келет. Бул максатта, ЕАЭБдин алкагында товарлардын тизмеси иштелип чыккан, ал товарларга карага бажы наркынын бирдейлештирген контролу жүргүзүлүп жатат. (ТЭИ ТН 800 коддон көп).

Бул иш бажы наркын контролдоого жана ТЭИ ТН кодун туура аныктоого контрол жүргүзүү багыттары боюнча тобокелдиктер профилин түзүү жолу менен тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен өткөрүлөт. Аталган чаралар алынуучу бажы алымдарынын өлчөмүнө түздөн-түз таасир этет. Бул тууралуу Кыргызстандын 2015-жылы ЕАЭБге киришинин бирден-бир демилгечиси болгон жана ал процессти баштан-аяк жетектеген жана көзөмөлдөгөн адам катары экс-президент А. Атамбаев эң жакшы билет.

Булак: Де-Факто



Сиздин пикир