Алтынбек АЖАЛИЕВ, куудул: «Кемчилигим -ээн баштыкка көнүп алганым…»

— Студент кезицизде эле эже-агайларьщызды, курсташтары-цызды туурап кулдурчу экен-сиз. Бул енеруцуз бала кезден эле болсо керек?

— Ооба, студент кезде эле бардык мугалимдерди туурачумун. Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында билим алдым. Театрдагы болгон кызматкерлердин баарын туураар элем. Вахтадагы эжелерден баштап, студенттерге чейин бири да калчу эмес. Баары аябай жакшы кабыл алып күлүп, мактап калышчу. Мени качан туурайсың деп кезекке да туруп калышчу. Бул өнөр бала кезимде эле байкала баштаган. 4-класста окуп жүргөн кезде ыраматылык Жаныбек Алыкулов агай Акаевди туурап чыккан. Ошол кишиден таасирленип калгам. Күйүп кеткен лампочканы кармап алып Жаныбек Алыкуловду туурачумун. Ошондон тарта айылдагы аксакалдарды, барып-барып айыл өкмөттү туурап жүрүп борборго келгем.

— Атактуулуктун оң жагы көппү же тескерисинчеби?

— Элге таанылып алуу бул өзүнчө эле диплом экен. Тынымсыз чакыруулар болуп турат. Маданий иш-чаралар, той-топурлардан кол бошобой калат. Эл билсе кайсы бир деңгээлде оокатың жүрүп турат экен. Терс жагы кенен-кесири жүрө албайсың. Маселен жөнөкөй эле мончого барсаң таңыркап карашат. Эл ар дайым сөөмейү менен кезей беришет. Элге кеңири таанылган
атактуулар барып-барып көнүп каласың деп калышат. Чындыгында ар дайым элдин көзөмөлүндө жүргөн адам кысылып кетет.

— Вайн же кыска күлкүлүү видеолорду тарткандар көбөйүп кетпедиби, сизде план жокпу?

— Мен да кээде тартып калам. Бирок атайын иш кылып артынан кубалабайм. Кээде идея болуп калганда тартып коем. Бирок бул кыска тамашалар элдин эсинде деле калбайт, тез күлдүрүп, тез унутулат. Ошого карабай “Жоролор” тобунун жигиттери биригип сценарийлерди жазып, тамашаларды тартып туралы деп жаткан чагыбыз. Сиз айткандай азыр кыска тамаша тартып, социалдык тармактар аркылуу жарыялап эле акча таап калышыптыр.

— Дипломдуу, профессионал актер экенсиз, театрда иштөө же тасмага тартылуу, актердук чеберчилигиңизди элге таанытуу тууралуу ойлоносузбу?

— Театрда иштегим келет. Бирок эң биринчи кемчилигим — ээн баштыкка көңүп алганым. Театрда атайын иш график менен иштеш керек. Кан-ча жылдан бери каалаган убакытта туруп, каалаган убакытта жатып көнүп алдык. Өзүбүздү-өзүбүз билгенге көнгөн жаныбыз, тартипке түшкөндө кантээр экенбиз. Анын үстүнө жетекчилик урушуп же сындаса мага аябай катуу тиет. Экинчиден, театрда айлык маяна түшкү тамактанууң менен жол киреңе эле жетет. Керээли-кечке ошол жакта жүрүш керек. Эч жакка да чыгарышпайт, камап коюшат. Кийинчерээк театрга кирип иштегим келет. Спектаклдерде роль жараткым келет. Ал эми кино боюнча айтсам, кастингдер көп эле болуп жатат. Өзүм эле маани бербей, барбай жүрөм. Киного атайын чакыруу деле боло элек. Бир жолу чакырышты эле, барсам бир кызыктай сценарий, бир кызыктай кино экен, жактырбай кетип калгам.



Сиздин пикир