Айчүрөк Иманалиева орозо бүткөндө Жаниндин “жанын» чыгарат…

Жанин Ахунжанова аттуу ырчынын Айчүрөк Иманалиева тууралуу берген маеги  чыккан. Аталган маалыматта Жанин Айчүрөк Иманалиева ага кордук көрсөткөнүн жана өзүнөн мыкты болуп кетпеши үчүн ырдатпай койгонун айтып берген.

Бул боюнча Айчүрөк Иманалиева инстаграмдагы баракчасына:

“Кыз бурактын солисткасы деп сайттарда жүрөт. Жамиля (Жамин) мен жөнүндө интервью бериптир. Улуу орозо бүткөндө баарына жооп берем”, — деп жазган.

Пикир калтыргандардын бирине берген жообунда: “Менин баламдан кордук көрдүм дептир. Ал кезде балам 6 жашта болчу экен” деген жообун узаткан. “Бул буйрутма” деп так кесе айтканына караганда, Айчүрөк айымдын бир билгени бар окшойт же “сүйүктүү ырчы кызы” дагы Айчүрөк Иманалиеванын «нервин» ойнотуп жатабы?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу