Кыргызстанда 2-сентябрь күнү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары башталды. Бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен биринчи айым Айгүл Токоева Чолпон-Ата шаарынан улуу даражадагы конокторду тосуп алышты.
Мамлекет башчы менен биринчи айымдын конокторду күтүп турган ирмемин президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев тартып алган.Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан, Татарстандын президенттери Нурсултан Назарбаев менен Рустэм Минниханов келди. Ошондой эле алардын арасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигинин Фуджейра аймагынын мураскер ханзадасы, шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шарки да бар.
Булак: Спутник