Мага абдан жакты, мыкты кино болуптур.
— Койчу, болбогон эле кино экен. Аягы ушинтип бүтөөрүн билгем.
— Сен эмне сүйүүгө ишенбейсиңби?
— Турмушта кинодогудай сүйүү жок!
— Дайым ушинтесиң…
Келиңиздер, эркектер экрандагы сүйүү тууралуу эмне дейт болду экенин билип көрөлү.
- Чыныгы сүйүү бат келбейт. Кинолордо сүйүү көрсөтүлбөйт, ал жакта азгырык жана кумар.
- Жашоодо атайын бир белгилер жок. Тасмада жылдыздардын дал келишүүсү менен сүйүү башталып кетет. Чыныгы жашоодо асмандан жылдыз учса метеорит эле болуп саналат.
- Фильмдин аягы бар. Жашоодо ажырашуу же түгөйдүн бирөөсү каза болмоюн “оюн” улана берет.
- Кинодо сүйүү бурмаланат. Мисалы, жакшы жигит болсоң сени баары сүйүп калат, ал эми чыныгы жашоодо эмнегедир жакшы болсоң деле кыздар карабайт.
- Жашооодо берип-алып туруу керек. Тасмада баары күлгүн көз айнекчен. Чынында акысыз эч нерсе жок.
- Кинодо баары идеалдуу. Жашоодо күтүүлөрүң акталбай калса, эмнеге андай эмес деп ызаланасың.
- Сүйүү тууралуу кинолордо өңү серт адамдар жок. Тасмаларда өң-келбет апыртылып берилет.
- Кинодогу сүйүү болгону бир сезим. Режиссерлор сүйүү эч качан өчпөйт деп көрсөтүшөт. Жашоодо сүйүү – бул эмгекти талап кылган аракет.
- Кинодо баары кимдир бирөө менен жүрөт, сүйөт, андан кийин турмушка чыгат. Жашоодо андай эмес.
- Фильмде сүйүү идеялдаштырып көрсөтүлөт. Чыныгы сүйүү кемчиликсиз эмес. Сиз сүйлөшүүгө, компромисс түзүүгө аракет кылышыңыз керек.
БУЛАК:bilesinbi.kg