Чек арадагы айылдар салыктан бошотулабы?

Чек арадагы кыргыз айылдарын салыктан бошотуу керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

— Мекенчил элибиз уялганынан кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сакташ үчүн ошол жерде жумушу, жашоого шарты жок болсо да 30 жылдан бери жашап келет. Өзгөчө чек ара макамы бар айылдарды бардык салыктардан бошотуп, чечкиндүү кадамга барышыбыз керек.деп маселе көтөрүп чыккан депутат буга чейин  депутат Карамат Орозова менен  өкмөткө кайрылышкан.  Орозова Баткендин Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр айылдарында дайыма жаз маалында сугат же жайлоого чыгуу маселесинде коӊшу тажик айылдарынын тургундары менен чатак чыгарын баса белгилеп, кыргызстандыктар тынчтыкты камсыз кылуу боюнча бир катар талаптарды коюп жатканын айткан. Мына ушундай майда бирок маанилүү маселелерден улам коңшу тажик айылдары менен араздашуу чыгып жатат.
Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу