Алмазбек Атамбаев «Түгөлбай Казаков жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
Казаков Тугелбай Токтогуловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.
Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.