Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Болот Осмонов өзү жазып берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Керим Турапов жетекчи болуп дайындалды.
19-январда Улуттук опера жана балет театрында «Dota-2» тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, ал театр сүйүүчүлөрдүн сынына кабылган. Кийинчерээк маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов театрдын жетекчилигинин кызматтык жоопкерчилиги караларын билдирген.
«Dota 2» киберспорту — спорттун дүйнөлүк алкакта таанылып бараткан жаңы түрү. 2016-жылы Кыргызстанда Киберспорт федерациясы түзүлгөн.
2015-жылы Опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү, ага аткаминерлер катышканы катуу сынга кабылган эле.