Мэрия Бишкектин жашылдандыруу аймагын кеңейтет. Өкмөт башчы мэриянын планын жактырды.
Премьер-министр Сапар Исаков мэриянын «Бишкек токой паркы» долбоорун жактырып, аны ишке ашыруу планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу калаа башчысы Албек Ибраимов Facebook баракчасына жазды.
Долбоор 27-февралда өкмөт үйүндө көрсөтүлгөн.
«Талкуунун жыйынтыгында премьер долбоорду жактырып, мэрияга аны ишке ашыруу үчүн деталдуу планды иштеп чыгууну тапшырды», — деп жазган мэр.
Ибраимов «Бишкек токой паркы» шаардын жашылдандыруу аймагын кеңейтүү экенин кошумчалаган. Ал жакын арада шаардыктарга кошумча маалымат берилерин айтты.