Жолугушуу 6-май күнү түшкү саат 12:00дө башталат.
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев АКШдагы кыргыздар менен жолугушат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Мааалыматка ылайык, ал жактагы мекендештер Чикаго шаарынын 3418 W Ainslie St, Chicago, IL 60625 даректери аркылуу келип муфтий Максат ажы Токтомушевдин баян, сабактарына күбө болуп, суроолорду бере алышат. Жолугушуу 6-май күнү түшкү саат 12:00дө (АКШ убактысы боюнча) башталат.
Булак: Спутник