Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте мектеп окуучуларына баңги зат сатып жүргөн студенттер кармалды.
Маалым болгондой, 15-февралда шаардагы мектептердин биринде 22 жаштагы жигит 26 грамм гашиш менен кармалган.
Кошумча иш-чараларында жүрүшүндө 15 грамм баңги зат менен анын курбу досу колго түштү.
Үйдү тинтүүдө дагы 7 грамм гашиш аныкталып чыкты.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Булак:Каганат.